Мас абалда унаа башкарган судья кызматынан бошотулду

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы кызматынан бошотту. Буга чейин 27-январда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын кезексиз отурумунда Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда иштен четтетүү чечими кабыл алынган.

Сулайманова 2019-жылдын 30-декабрына караган түнү Жалал-Абад шаарында мас абалында унааны башкарып жол кырсыгына кабылган.

Судьяга карата «Транспорт каражаттарын документи жок айдоо», «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу» жана «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» беренелери менен протокол түзүлүп 24 миң сом айыппул салынган.

Инспектор Асылбек Мамазакиров түзгөн протоколго Сулайманова нааразы болуп, аны жокко чыгаруу үчүн өзү иштеп жаткан Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган. Буга нааразы болгон инспектор иш башка сотто каралышын талап кылып, ишти караган судьяга үч жолу ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Бирок судья алмашканы менен иш ошол эле шаардык сотто калууда.

2020-жылдан тарта Жээнбеков үч судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту.

Өткөн айда президент Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматынан бошотту. Ага Сулайманованын «баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү» кылмыш ишин негизсиз кыскартып, шектүүнү психикалык ооруканага жайгаштыруу чечимин чыгарганы себеп болгон.

Ал эми февралдын башында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбеков «опузалап пара алууга» шектелип, кызматынан бошотулган. Ал өткөн жылдын 30-октябрында 20 миң сом пара алып жаткан маалында укук коргоо органдары тарабынан колго түшкөн.