Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 9-апрелде саат 10догу брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 10 учуру катталганын маалымдады — алардын экөөсү медкызматкер.

«Бишкек шаарында бир, Ош облусунда бир, Ош шаарында 3 жана Жалал-Абад облусунда 5 учур катталды. Алардын үчөөсү аял, жетөөсү эркек», — деди Каратаев.

Коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен карым-катнашта болгондордун саны 6268ди түздү — алардын 1058и ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 280ге жетти. Алардын 147си аял, 133ү эркек. Өпкөнү сездеткен илдеттен жалпы 25 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылган, төртөө каза тапты.

Ал эми ооруканаларда 246 адам жатат — алардын 10у оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Алардын бирөөсү Ноокат аймактык ооруканасында, төртөө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жатат.

Ошондой эле 5-февралдан 9-апрелге чейин жалпысынан 20 901 адамдан анализ алынган. Алардын 15117синин жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.