Оштун ооруканасы медкызматкерлер коронавирус жуктуруп алгандыктан жабылды

Материал саат 12:00де жаңыртылды. (Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов буга чейин Жалал-Абад ооруканасы  жабылат деп адашып айтып алганын айтты)

Ош шаарындагы балдардын инфекциялык ооруканасы 8-апрелде жабылды. Буга медициналык кызматкерлердин коронавирус жуктуруп алышканы себеп болду. 

«Бул оорукананы бүгүн жабып туруп, атайын жыйынтыктоочу дезинфекция кылабыз. Ош облусттук оорукананын бир корпусун бошотуп, ошол жака жугуштуу ооруларга чалдыккан балдарга атайын орундарды даярдайбыз», — деди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Ошондой эле Кара-Суудагы балдар ооруканасы да инфекциялык бөлүмгө айланат. 

Саламаттык сактоо министрлигинен атайын комиссиясы медперсоналдын оору жуктурганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөөрүн билдиришти.

Медкызматкерлер жана алар менен карым-катнашта болгон жакындары обсервацияга алынган. Ал эми байланышта болгон башка жарандар да аныкталып, үй карантинине чыгарылышкан

Кыргызстанда коронавирустун 270 учуру катталды — анын 32си медкызматкер. Ал эми өпкө илдетинен 4 адам каза таап, 25 киши айыкты.

Буга чейин макалада GIZ уюмуна таандык сүрөт колдонулган болчу. Сүрөттүн авторун көрсөтпөй койгонубуз үчүн кечирим сурайбыз.