Жалал-Абад ОИИБи: Милиционер окуучу кызга жыныстык мамиле сунуштаган эмес

Айрым ЖМКлар Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында милиционер окуучу кызга «коменданттык сааттын эрежесин буздуң деп, жынысттык катнашка барууну сунуштаганын» жазышкан. «Болбосо тартип бузгандыгы үчүн камап салам деп коркутуп», андан кийин акча талап кылганы маалымдалган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» 3-апрелде милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциянын кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалганын тастыктады. Бирок ал кызматкер «окуучу кызды камоолор менен коркутуп жыныстык мамиле сунуштаган» деген маалымат чындыкка дал келбесин айтты.

«Кара-Көл шаарында эч кандай коменданттык саат киргизилген эмес. Болгону инспектор окуучу кызды “түн ичинде көчөдө жүрбөшүң керек” деп эскерткен. Мындан сырткары аны “сенин жүрүм-турумуңду интернет булактарына тартып чыгарам” деп коркутуп акча талап кылгандыгы алгачкы тергөө ишинин жүрүшүндө аныкталды», — дейт Жээнтаев.

Жээнтаевдин айтымында, аталган кызматкер 5 миң сом алып жаткан жеринен каржы полициясы жана ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы тарабынан кармалган.

Учурда «Пара талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Ошондой эле милициядан Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен аталган кызматкер 6-апрелде үй камагына чыгарылганын кабарлашты.

2020-жылдын январь айында Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерин пара алып жаткан маалында кармаган. Ала-Бука РИИБинин тергөөчүсү жана инспектору кылмышка шектүү болгон аялдан сотко чейинки өндүрүштү кыскартыш үчүн 35 миң сом пара талап кылышкан. Ал аял кошунасы менен уруша кетип, денеге зыян келтирүүгө шектүү болгон. Аларга карата «опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.