Эмилбек Кимсанов

Материал 11-апрель күнү саат 17:20да жаңыртылды.

Кыскача:

Экс-бажычы Эмилбек Кимсанов билдиргендей, бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген.

Ал мындай билдирүүнү ал Санкт-Петербургда кармалып, Кыргызстанга экстрадиция болгондон кийинки алгачкы видеокайрылуусунда жасады.

Видеокайрылуу Кимсанов ТИЗО-1ге которулган күндүн эртеси пайда болгон, бирок ал тергөө изоляторунда жазылбаганы анык.

Кимсанов далил катары Матраимов менен кат жазышуу делген чатты жана Токтакуновго байланыштуу Прагадагы даректерди көрсөткөн.

Токтакунов өзү видеодо анын жеке маалыматтары жана Чехиядагы дареги көрсөтүлгөнүн ырастады.

*Токтакунов — Кыргыз бажысындагы коррупция, аткезчилик жана Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун чыгарылган акча тууралуу масштабдуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири. Ал иликтөөнү «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP басылмалары биргеликте 2019-жылы чыгарышкан. Иликтөөнүн үстүндөгү иш аңдуулар жана басым көрсөтүүлөр менен коштолгон. Токтакунов өзү Чехияда иштейт. Анда «Азаттык» радиосунун башкы кеңсеси жайгашкан. Журналисттик иликтөөнүн чыгышына аз калганда маалыматчы Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн. Аталган ишкер бажыдагы аткезчиликти башкарган Абдукадыр кланына иштегени боюнча далилдерди келтирип берген. Ошондой эле Саймаити аткезчиликти бажыдагы коррупциялык тармактын жардамы менен ишке ашырууга мүмкүн болгон деп билдирген. Аны болсо бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырган.

Кененирээк:

Кимсанов эмне деп айтты?

Видео: Эмил Кимсанов

Экс-бажычы Кимсанов билдиргендей, Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген.

Ал далил катары болжолдуу Матраимовго таандык делген телефнондун номерди жалпыга ачыктады. Кимсановдун айтуусу боюнча, Матраимов ушу номерден тапшырмаларды берип турган. Ал ошондой эле каттарды да көрсөтүп берди.

«Коюңуз десем дагы тынч койбойт, жан бербейт. Үч-төрт жолу бизди, инилерибизди, өзүмдү кошо атышты. Унчукпай жүрөбүз. Бир да арыздана албайбыз. Билебиз эми арыздансак, бул кишинин колунан бүгүнкү күндө көп нерсе келет экен.Сиз көп нерсени билбейсиз», — дейт ал.

Адан кийин Кимсанов телефонун алып чыгып жазышууларды көрсөтөт.

«Менде мына мындай жазуулар бар. “Шеф” деп турат. Бул Райымбек Исмаиловичтин номери — 0775711111. Мына мындай тапшырмаларды берет мага: “Али Токтакуновдун бүгүнкү күндө даректерин мага таап келесиңер. Прагадан тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер” — деп ушундай буйруктарды берет», — мындан кийин Кимсанов Токтакуновдун дареги жана жеке маалымттары жазылган реквизиттерди көрсөтөт.

Токтакунов эмне дейт?

Токтакуновдун иликтөөсүнөн алынган кадр

Журналист Али Токтакунов Кимсанов видеодо көрсөткөн жеке маалыматтар ага таандык экенин ырастады. Ал Кимсановдун видеосун өзүнүн фейсбуктагы барагына бөлүшүп, анда айтылган маалымат текшерилээрин билдирди.

«Видеодо менин аты-жөнүм аталып "Али Токтакуновду Прагадан тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер" деген тапшырма болгону айтылып жатат. Менин аты-жөнүм, жеке маалыматтарым, Прагадагы мага жат эмес даректер көрсөтүлгөн», — деп жазган иликтөөчү журналист.

Токтакунов Эмил Кимсанов бажыда жетекчилик кызматтарды ээлегенин, ошондой эле «Матраимовдун кадры» жана анын эң жакын адамдарынын бири болгонун кабарлады.

«"Азаттыктын" кабарчысы катары мен жана бир топ кесиптешим, “Клооп”, OCCRP Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн $, ага кыргыз бийлигинин, ошол кезде Бажыда жетекчилик кызматты ээлеген Райымбек Матраимовдун байланышы, ал кишинин декларацияга кирбеген миллиондук мүлк-байлыктары тууралуу иликтегенибиз коомчулукка маалым. Бул иликтөөнүн жүрүшүндө журналисттерге коркутуулар, басым болгону да белгилүү», — деп жазат иликтөөчү журналист.

Токтакунов Кимсанов көрсөткөн видеонун чоо-жайы териштирилээрин айтты. Ал бийлик, атайын органдар мурдагы бажычынын билдирүүсүн эске алат деген ишеничте.

«Ушул мүнөттөрдөн тарта мен эле эмес, үй-бүлөмдүн, Кыргызстандагы жакын туугандарымдын, кесиптештеримдин өмүрүнө коркунуч күчөдү деп айтууга негиз жаралды. Мындай пикирди былтыры 10-ноябрда журналисттик иликтөөнүн каарманы Аеркен Саймаити Стамбулда атып өлтүрүлгөндө да жазгамын», — деп жазды ал.

Ал эми видеодо аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кимсановдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Анын агасы, депутат Искендер Матраимов Кимсановдун айткан маалыматтарына ишенбөөгө чакырды. Ал мурдагы бажычы Райымбекке койгон айыптоосу үчүн мыйзамдын астында жооп берээрин билдирди.

«"Азаттыктын" журналисти, бурмаланган маалыматтар менен окурмандарынын ишенимине кирип, бизди жаман атка кондурам деген ниетине эл жана убакыт тараза болсун. Токтакуновдун ден соолугу ага эмес, бизге азыр көбүрөөк керек. Шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат. Айырмаланып, мунун баарын так АКШдан каржыланган “Азаттык” жана “Клооп” чагылдырат. Матраимовдун үй-бүлөсү жөнүндө кара пиарды көрөм десеӊиздер, шашпай жогорудагы ЖМКлардын баракчаларын окуй берсеӊиздер болот. А биз алардын каралоолоруна эбак эле көӊүп калганбыз», — деди ал.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Искендер жана Райымбек Матраимовдор

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдө эң таасирлүү кландардын бири.

2019-жылы майда «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Стамбулда Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары жашап жаткан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбеков менен өлкө башчынын Матраимовдор менен «дос болгону» үчүн эле араздашып кеткен өңдүү. Атамбаев Жээнбековду бир нече жолу Матраимовдор менен байланышы бар деп айыптап, ал эми Райымбек Матраимовду «Райым-Миллион» деп атап жүргөн.

Соңку жылы айрым убактарда Матраимовдун чөйрөсүндөгү ишенимдүү делген адамдар президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жолдошкон. Алар өлкө башчысынан өздөрүн бажы башчысынын экс-орун басары жана анын үй-бүлөсү тараптан болуп аткан кысымдан коргоону суранышкан.

Видеокайрылууну Эмилбек Кимсановдун иниси жана жубайы, ошондой эле спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу жаздырды. Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

Январдагы президентке кайрылуулардан кийин Кимсанов менен Рахманберди уулу ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу жана бажычы Автандил Конгантиевди сабоо иши боюнча издөөгө алынган. Кимсановдун айтымында, бул эки жыл мурдагы иш жана ал жабылган болчу. Бул ишке байланыштуу Кимсанов Орусиядан Кыргызстанга экстрадицияланган.

Буга чейин анын иниси Кимсанов Орусияга Матраимовдун тапшырмаларын аткарбаганы үчүн качканын айткан. Бирок ал аталган тапшырма Али Токтакуновду «жеткирүүгө» байланышы бар-жогун тактаган эмес.

«Бир тууган байкем “Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм” деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан ар кандай кысымдар, коркутуулар болуп жатат. Райым “Мага иштебесең сени каматам же өлтүрөм” деген коркутуулар болуп жатат. [...] Ошого байланыштуу байкем аргасыздан сырт жакта жүрөт», — деп билдирген ал.