Кочкор районунда унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Нарын облусунун Кочкор районунун борборуна унаалар өткөрмө кагаздары менен гана киргизилүүдө. Облустук милициядан мындай чара унаалардын максатсыз кыймылын азайтуу үчүн колдонулганын кабарлашты.

Ошондой эле партуль кызматкерлери жашоочуларга топтошуп чогулууга болбосун, бири-биринен бир метр аралыкты сактоону, беткапсыз көчөгө чыкпоону эскертип жатышат.

Кочкор районунун аймагындагы Сары-Чат карантиндик-санитардык постунда милиция кызматкерлери, медицина кызматкерлери, ӨКМдин өкүлдөрү, ветеринардык жана санэпидемиологиялык кызматтардын өкүлдөрү иш алып барышууда.

Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү кызмат кылып жатышканын белгилешти.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 298ге жетти. Анын ичинен 10у Нарын облусунда катталды.