Өлкөдө коронавирус жуктуруунун 38 жаңы учуру катталды. Жалпы 377 адам

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктуруунун 38 жаңы учуру катталганын кабарлады.

Жаңы жуктуруу учурларынын көбү Нарын облусунда аныкталган — 13 адам. Андан кийин эле 12 адам Ошто катталган. Жуктургандардын бешөө Бишкекте, Ош жана Чүй облустарында үчтөн жана Ысык-Көл облусунда эки адам аныкталган.

Жалпысынан өлкөдө жуктургандардын саны 377 адамга жетти — бул айыгып чыккан 54 бейтапты жана каза тапкан беш адамды кошкондогу статистика. Акыркы суткада ооруканадан 10 адам чыгарылган — Ош жана Жалал-Абад облустарында бештен адам.

Жуктургандардын көбү Ош облусунда — 119 учур, ал эми Ошто — 54 учур жана Жалал-Абадда облусунда — 89 учур.

Жуктуруулардын 21 учуру Чүй облусунда жана 59 учур Бишкекте.

Нарын облусунда жуктургандардын саны дароо 25 учурга чейин өстү.

Ал эми жуктуруунун аз учурлары Ысык-Көл жана Баткен облустарында — 6 жана 4 учур.

Талас облусу боюнча коронавирустун бир да учуру каттала элек.