Боронов президентке өзгөчө абал тартибин узартууну сунуштады

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековго өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тартиптерин узартууну сунуштады. Бул тууралуу 13-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Боронов «медицина адистеринин анализине таянып», ошондой эле «оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен» өзгөчө абал тартибин узартуу маселесин кароону сунуштаган.

Анын айтымында, бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен шартталган.

Ошол эле маалда пресиденттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө өзгөчө абал тартибин канча убакытка узартуу пландалып атканы айтылган эмес.

Эгер президент өзгөчө абал тартибин узартуу сунушун жактырса, анда бул чечимди парламентте да карап чыгышы керек болот.

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, депутаттар 15-апрелде кезексиз отурумга чогулушат.

Бул күнү COVID-19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу 25-мартта Кыргызстандын бир нече шаар жана облустарында киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктайт.

Отурумда парламенттин депутаттары өкмөттөн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин шарттары тууралуу маалымат уккусу келишет.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, тек гана парламент президенттин өзгөчө абал режимин узартуу же узартпоо тууралуу жарлыгын бекитип же жокко чыгарышы керек.

Өзгөчө абал тартибин киргизүүдөн улам өлкөнүн ири шаарлары, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда көптөгөг ишканалар жабылган. Мындан тышкары, бул шаарлардын тургундары атайын өткөрмө барактары жок жеке унаалары менен жүрө алышпайт. Ошондой эле аларга көчөгө саат эртең мененки 7:00дөн кечки саат 20:00гө чейин үч себеп менен гана чыгууга уруксат берилген — бул дарыканага, дүкөнгө жана ооруканага.

13-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус 419 адамда аныкталган. Алардын ичинен бешөө каза таап, 60 адамдан ашууну айыккан.