Матраимовдордун фонду коронавирус менен күрөшүү эсебине 10 млн сом которду

Депутат Искендер Матраимов. Сүрөт: Азаттык

Депутат Искендер Матраимов фейсбукта «Исмаил ата» фонду коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган мамлекеттик эсепке 10 млн сом бөлгөнүн кабарлады. Бирок Матраимов «Клооптун» журналистинин мынча акча фондго кайдан болгонуна жооп берген жок.

«Аны мындай кылалы. Фейсбукка жаздым, кааласаңар ошол жактан алып жазгыла. Макул»,— деп туруп Матраимов трубканы коюп салды.

Бир аздан кийин депутат кайрадан байланышып, фонд бардыгы үчүн Мамлекеттик салык кызматы менен Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү республикалык штабына отчёт берээрин кошумчалады.

Депутаттын фейсбуктагы постунда фонд Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту аныктоочу 20 миң ыкчам тест жана 2 жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырганы жазылган. Ошондой эле дагы 18 аппарат жолдо келе жатканы айтылат.

Мындан тышкары, Матраимовдор аймактардагы муктаж үй-бүлөлөргө 1200 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майын жана 240 миң медициналык беткап тарткатып беришти.

Матраимовдор деген ким?

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдө эң таасирлүү кландардын бири. 2019-жылы майда «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбеков менен өлкө башчынын Матраимовдор менен «дос болгону» үчүн эле араздашып кеткен өңдүү. Атамбаев Жээнбековду бир нече жолу Матраимовдор менен байланышы бар деп айыптап, ал эми Райымбек Матраимовду «Райым-Миллион» деп атап жүргөн.