Өлкөдө коронавирус жуктурган медиктердин саны 83 адамга жетти

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттик комитеттердин жыйынында 83 медиктин коронавирус жуктурганы тастыкталганын билдирди.

Анын айтымында, инфекцияны жуктурган 430 адамдын ичинен 18,5% медиктер.

Коронавирус 26 врачка, орто медперсоналдын 35 (медайым, лаборант, жардамчылар), кенже жана техперсоналдын 22 кызматкерине жукту.

«Жуктуруунун ар бир учуру боюнча комиссия иштеп жатат. Бул багытта иш жүрүп жатат», — деп кошумчалады Боронов.

Бийлик медиктерге, эгер алар коронавирус жуктуруп алса компенсация төлөөнү убада кылган. Бирок алгач алар жуктуруунун бардык жагдайларын иликтөөнү пландашууда, себеп дегенде медиктер эрежелерди сактабаган болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Ошол эле учурда, мезкызматкерлер бир нече жолу коргоо каражаттарынын жетишисиздигине же аларга сапаты начар бет каптар менен костюмдар берилип жатканын айтып даттанышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги коргоонуу каражаттары баарына жетиштүү экенин билдирген, ал эми күч органдары жалган маалымат тараткандыгы үчүн медкызматкерлерди кечирим суроого мажбур кылып жатышат.

Жуктургандарга компенсация берүүдөн тышкары, учурда кооптуу жумушка тартылган медиктердин бардыгына да кошумча төлөмдөр берилиши керек.

Алардын анчейин чоң эмес маянасына ай сайын 29 миң сомдон 46 миң сомго чейинки кошумча акы төлөнүшү зарыл. Төлөмдөрдүн өлчөмү медиктердин тажрыйбасына жана вирус жуктуруу очокторунда болгон убактысына көз каранды болот.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруу учурланын саны 430га жетти. Жалыпысынан пандемия башталгандан бери COVID-19у бар беш адам каза тапты.