Президент карантинди 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде өзгөчө абал тартибин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Карантин буга чейин өзгөчө абал тартиби киргизилген бардык аймакта узартылат: Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда.

Эми бул жарлык 15-апрелде жыйынга чогула турган Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан каралышы керек.

Ошол эле учурда, президент парламенттин спикери, премьер-министр жана фракциялардын лидерлери менен жолугушууну өткөргөн.

«Жогорку Кеңештин төрагасы жана Премьер-министр өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин узартуу максатка ылайык болорун баса белгилешти», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Вице-премьер-министр Боронов «медицина адистеринин анализине таянып», ошондой эле «ооруга чалдыккандардын санынын күн сайын өсүшүн, дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалды» эске алып, өзгөчө абал режимин 13-апрелген чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.

Анын айтымында, бул чара «адамдар арасында социалдык байланышууну азайтуу» үчүн керек жана ал коронавирустун жайылышын болтурбайт.

14-апрелге карата маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктуруунун саны 430 адамга жетип, 70тен ашуун адам айыккан.