Бишкекте коменданттык сааттын убактысы кыскарат

Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев коменданттык сааттын иштөө убактысы өзгөртүлөөрүн билдирди.

Эгер буга чейин коменданттык саат кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин иштеген болсо, эми ал Бишкекте бир саат кеч — саат 21:00дө башталып, бир саатка эрте — таңкы саат 6:00дө аяктап турат.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жана Жалал-Абад менен Ош облусунун айрым райондорунда өзгөчө абал тартиби 24-мартта киргизилген. Ал убакта дал ушул райондор менен облустарда коронавируска чалдыккандар аныкталган эле.

Коменданттык саат өзгөчө абал тартибинин бир бөлүгү катары киргизилип, көчөгө азык-түлүк жана медкаражаттарды сатып алууга гана чыгууга уруксат берилген. Коменданттык сааттан улам азык-түлүк саткан дүкөндөр кызматкерлери үйлөрүнө жетип алууга үлгүрүшү үчүн саат 18:00дө жабыла баштаган.

Бийлик өзгөчө абал тартиби учурунда мыйзамды катаалдантып, коменданттык саатты бузуу үчүн жазага тартуу ченемдерин киргизишкен. Бузуулар жөнүндө кодекстеги өзгөрүүлөр боюнча, коменданттык саатты бузуу үчүн физикалык жактарга 3 000 сом өлчөмүндө айыппул, ал эми юридикалык жакка 13 000 сом айыппул салынат.

Коменданттык саат киргизилген убакыттан тарта ар кандай ызы-чуулар чыккан — мисалы, ЖМКлар шаардык милиция кызматкерлеринин бири коменданттык саат учурунда секс-кызматкерлерди ташып жүргөнүн билдиришкен, бирок, албетте, ИИМ бул маалыматты четке каккан. Андан кийин Ошто судья менен милиционердин ортосунда чатак чыккан. Укук коргоо орган кызматкерлери судья мас абалда болгон жана коменданттык саатты бузган деп көшөрүшсө, ал эми судья аны үйүнө жеткирип келген адамга жардам берүү үчүн гана үйдөн чыкканын жана ал убакта коменданттык саат баштала элек болгондугун айткан.