«Эл менен жолугушуу болуп жатат». Депутат Икрамов посттордон өтө албай жатканына нааразы болду

Материалга өзгөртүүлөр киргизилди — өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамдан алынган цитата кошулду.

Парламенттин депутаты Тазабек Икрамов Бишкекте аны блокпосттордон коё бербей, өткөрмө барак сурап атышканына арызданды. Шаар боюнча өзгөчө абал тартибинен улам транспорт кыймылын чектеген санитардык посттор коюлган.

«Бизде элдер менен жолугушуу болуп жатат. Барып атабыз. Биз күбөлүктү көрсөткөн жерде өткөрмөнү же болбосо бир документти сураган учурлар болуп атат. Бул боюнча айтып коюшуңуздар керек да», — деп арызданды депутат.

Бирок, коронавирус пандемиясынан улам өлкөнүн аймагында өзгөчө абал режими киргизилген. Бийлик адамдар өздөрүн обочого алышын талап кылышууда. Мындан улам ишканалар менен мекемелердин көбү жабык. Ал эми Икрамов кайсы шайлоочулар менен жолугушуулар болуп атканы тууралуу айтып жатканы белгисиз.

Анткен менен депутат Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиевден өзгөчө абал аймактарында эркин жүрүүгө кимдердин уруксаты бар экенин сурады.

Орозалиев өзгөчө абал (ӨА) учурунда парламенттин депутаттары жана дипломатиялык макамга ээ адамдар күбөлүк менен эркин жүрө алышаарын түшүндүрүп берди. Чындап эле ӨА жөнүндө конституциялык мыйзамда бийлик ӨА режими учурунда чет элдик транспортторду кошуп «транспорт каражаттарынын кыймылын чектей» ала турган пункт бар, бирок бул чектөө дипломатиялык кызматтардын транспортуна жана Жогорку Кеңештин депутаттарына жайылбайт. Анткен менен ал жакта чогулуштарга тыюу салган пункт бар.

Ошондой эле комендант чара көрүүнү убада кылып, эгер мындай учурлар дагы кайталана турган болсо комендатурага кайрылууну кеңеш кылды.

Өзгөчө абал тартиби өлкөнүн үч ири шаары — Жалал-Абад, Ош жана Бишкек — ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда 30-апрелге чейин узартылган. Мындан тышкары, өзгөчө абал тартиби 15-апрелден 30-апрелге дейре Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Нарын шаарында да киргизилген.

15-апрелге карата, өлкөдө коронавируска чалдыккан 449 адам аныкталган, алардын 98и медиктер.