Кыргызстанда дагы 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

17-апрелге карата коронавирус дагы 12 медкызматкерден аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Илдет жуктургандардын жетөө Бишкекте, төртөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарында иштеген. Ушуну менен коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 116га жетти.

Бул жалпы бейтаптардын 24 пайызын түзөт. Коронавирусту жуктуруп алгандардын ичинде дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер да бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489га жетти. Алардын ичинен 114 адам илдеттен айыгып, бешөө каза тапты. Ооруканаларда 370 адам жатат — алардын 13ү оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 4 бейтап жатат. Өлкө боюнча обсервацияда 857 адам жатат.