Бишкек: Комендатура тургундардын велосипеддерин алып коёбуз деп коркутту

Бишкектин комендатурасы шаардыктарга калаада велосипед менен жүрбөөнү «кеңеш кылды». Ошондой эле ӨА режиминин талаптарын бузуп, шаарга себепсиз чыккан учурда велосипеддер убактылуу алынат деп эскертти.

https://twitter.com/commandantkg/status/1252107709115219968

Адвокат Фатима Якупбаева велосипеддерди алып коюуну мыйзамга туура келбейт деп эсептейт. Анын айтымында, «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам транспорттун, анын ичинде велосипедин жүрүүсүн чектей алат, бирок ал аны алып коюуну шарттабайт. Ок атуучу жана атылбас курал-жаракты гана убактылуу алып кйосо болот.

Мындан тышкары, эгер велосипед менен жүрүүгө чектөө салуу тууралуу жарлыкка кол коюлган эмес болсо, бул сунуштун эч кандай юридикалык күчү болбойт. Твит жарлыкка тете расмий буйрук болуп эсептелбейт.

Бишкекте 25-марттан тарта ӨА режими киргизлген. Мында шаарды башкаруу жана чечим кабыл алуу боюнча негизги укук комендантка берилген. ӨА учурунда коменданттык саат киргизилген — бул шаарга кирип чыгуунун жана анда жүрүүнүн өзгөчө режими. Коменданттык саат учурунда тургундардан үй карантинин талаптарын так сактоо жана массалык иш-чараларды өткөрбөө талап кылынат.

Бирок, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаанын бардык тургундары обочо режимин сактабай жатканын, ал эми аба ырайы жылуу болгондон тарта көптөгөн шаардыктар карантинди буза баштаганын бир нече жолу айтып чыккан.

20-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус 568 адамда аныкталып, алардын ичинен жетөөсү каза тапты.