Кыргызстанда жалпысынан 140 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде коронавирус дагы 6 медицина кызматкеринде аныкталды. Жалал-Абад облусунда үч жана Ош шаарында, Бишкек шаарында жана Нарын облусунда бирден учур катталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелде өткөн брифингде билдирди.

Өпкө илдетине чалдыккан медкызматкерлердин саны ушуну менен 140ка жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер, 58и орто медперсонал, 23ү кичи медперсонал, калганы 20 адам дагы башка медкызматкер.

Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин 10дон ашууну илдеттен айыкты.

20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 14 учуру катталды — жалпысынан 568 учур. Ооруканаларда 360 адам жатат. Алардын он алтысы оор абалда — оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 8 бейтап которулду.

Өкмөт коронавирус жуктурган ар бир медицина кызматкерине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин убадалады. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы медиктер кантип ооруга чалдыкканын текшерип чыгышат. Министрликтен айрым медкызматкерлер коргонуу инструкциясын сактабаган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Ошондой эле санитардык-карантиндик пунктарда, обсервацияда, оорунун очогунда жана кадимки график менен иштеген медиктерге кошумча акы төлөнөөрү убадаланган. Бирок айрым кызматкерлер убадаланган төлөмдү алыша электигин айтышууда. Саламаттык сактоо министрлиги муну ырастап, төлөмдөр документациялык иштердин айынан жана медициналык мекемелердин жетекчилери туура эмес маалымат берип жаткандыктан кечиктирилүүдө деп билдиришти.