Ала-Букада коронавирус жуктурган медкызматкерлер жетекчиликти айыптоодо

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда коронавирусту жуктуруп алган беш медкызматкер кайрылуу жасап, илдетти жуктуруп алганына аймактык оорукананын жетекчилигинин айыптады.

Медкызматкерлердин коронавируска чалдыкканы 4-апрелде белгилүү болгон. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги териштирүү башталганын маалымдаган. Ошондой эле оорукананын башчысы Бактыгүл Алибаева кызматынан бошотулуп, анын ордуна орун басары Айнура Мырзалиева келген.

Медицина кызматкерлердин бири Бувайда Термиралиеванын айтымында, 23-мартта Ала-Бука аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө умрадан келген бейтаптар түшкөн. Аларды дарылоо үчүн 5 адамдан (1 дарыгер, 1 медайым, 3 санитар) эки медициналык топ түзүлгөн.

«24 саат иштедик. (12 сааттан эки күн — редакция) Кийимдерибиз, бет каптарыбыз талаптарга жооп бербейт эле. Формаларыбызды жууганда эрте менен кургабай калган, ным бойдон кайрадан ошолорду кийгенбиз. Биринчи палатада бейтаптар жатса, экинчи палатада тамактанганбыз. Бир ажатканага киргенбиз, шарт жок болгон. Чоңдорго айтканбыз “кийимдер кургабай жатат, кийим бергиле” десек, “жок, озуңарды жабып иштегиле” деген», — деп айтып берди Темиралиева.

Темиралиеванын айткандарын кесиптеши Дильшат Маткабулова тастыктады. Ал кабарлагандай, жетекчиликке ным форма тууралуу айтканда, алардан “эртең чыкканда көрүшөбүз, кийин сүйлөшөбүз” деген жооп алган.

Темиралиева жетекчиликтин шалаакылыгынан улам медкызматкерлер коронавирус жуктуруп алган деп эсептейт. Медиктердин биринчи тапшырган анализи таза чыккан, бирок экинчи анализи аларда коронавирус бар экенин аныктаган.

«Биз айтканда “озуңарды жабып, иштегиле” дегенден көрү бизге ошол элден келген жардам формаларын беришке болмок эле», — өкүнүчү менен кошумчалады Темиралиева.

Ошол күнү умрадан келген аял менен түзмө-түз карым-катнашта болгон медайым Калыскан Аскаралиева жугуштуу оорулар бөлүмү коронавирусту жуктуруп алган бейтаптарды кабыл алууга даяр эмес болгонун айтууда. Бейтаптарга атайын бөлмө даярдалгыча 5 медкызматкерден турган топ бир сааттан ашуун убакыт алар менен бир бөлмөдө болгон.

«Бейтаптын абалы жакшы болгон, ошол убакытта дене табы жогору болгон эмес. Дарыгер көргөн, мен градусник койгонмун. Дарыгер “жардам көрсөтө турган бейтап эмес экен, көрдүк, сыртка чыксак болот” деп, сыртка чыксак, бизди “кайра киргиле, ошол жерде тургула” дешкен», — дейт Аскаралиева.

Медкызматкерлердин экинчи тобунда болгон Алтынай Курбанова ошол күнү талапка жооп бербеген кийимдер менен оорулуулар менен 3 сааттай карым-катнашта болгонун айтат.

«Саат 6-7 чамасында бизди “чай ичесиңер” деп киргизген. “Ушул форма менен ичебизби” десем, “ооба, ушул менен ичесиңер” деп жетекчилер жооп беришкен», — дейт Курбанова.

Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ала-Бука аймактык ооруканасында медкызматкер кантип коронавирусту жуктуруп алганы иликтенээрин билдирген. Ал эми саламаттык сактоо министирлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» бул окуяны иликтөөчү мекеменини атайын комиссиясы жыйынтык чыгара электигин айтты.

«Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы атайын комиссия бул боюнча жыйынтык чыгарат, буга чейин бир нерсе дей албайбыз», — деди Айгерчинова.

Ошондой эле Боронов иш убактысында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун төлөнөөрүн маалымдаган. Ошол эле учурда медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктаган комиссия түзүлгөн. Ал эми COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Бирок депутат Рыскелди Момбеков иш убактында гана жуктургандарга компенсация төлөнүшүн сынга алган. Ал коронавируска чалдыккан ар бир медикке миллион сомдон берүүнү сунуштады.

20-апрелге карата коронавируска чалдыккан адамдардын саны 568ге жетти — алардын ичинен 140ы медкызматкер. Жалал-Абад облусу боюнча ооругандардын саны 105 адамды түздү. Илдеттен жалпы 201 адам айыккан, алардын арасында 10дон ашууну медкызматкер.