Эгер медиктер коронавирус жуктуруп алса аларга 200 миң сомдон кун төлөнөт

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус жуктуруп алган медперсоналга 200 миң сомдон кун төлөнөөрүн билдирди. Эгер COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилет.

8-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган 32 дарыгер катталды.

Боронов билдиргендей, коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан врачтардын баары маянасына кошумча акы алышы керек. Бирок, азырынча медиктерге март айы үчүн маяналары төлөнө элек.

«Айрым региондордо коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат», — деп ишендирди Боронов.

Инфекция жуктуруп алган медиктерге кун төлөнөөрүн саламаттык сактоо министри да 7-апрелде айткан. Бирок ал айтылган жуктуруп алуу учурларын иликтеш керектигин, анткени медиктер инструкцияны сактабашы мүмкүн экендигин билдирген.

«Бардыгынын атайын кийимдери окшош. Анын сапатына күмөнүм жок. Медиктерди кароодон өткөрөбүз. Балким алар эрежелерди сактабагандыр», — деп билдирген Сабиржан Абдикаримов.

8-апрелге карата, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 270 адам катталды. Вирус аныкталган төрт адам каза таап, 25и айыгып кеткен.