Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын арасында 9 медкызматкер бар

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов 4-апрелде Кыргызстанда коронавирустун 14 жаңы учуру катталганын кабарлады. Оору жуктургандардын арасында тогуз медицина кызматкери бар.

«Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр», — деди Мамбетов.

Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын алтоосу Жалал-Абад облусунда, жетөө Ош облусунда (экөө Ош шаары) жана бирөө Бишкек шаарында аныкталды. Ал эми илдетти жуктуруп алган тогуз медкызматкердин жетөөсү Жалал-Абад облусунан, Ош жана Бишкекте бирден дарыгер катталган.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен алтоо айыгып, бирөөсү каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция