Ала-Букада беш медкызматкер коронавирус жуктуруп алганынын себеби иликтенет

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго Ала-Букадагы оорукананын беш медкызматкери кантип коронавирус жуктуруп алганын аныктоо иши тапшырылды.

«Жеринде иштеп жаткан укук коргоо органдарынын жана медицина кызматкерлеринин вирусту жуктуруп алышын болтурбаш керек. Тобокел аймагында иштеп жаткан медкызматкерлер менен милиционерлерге, ошондой эле ишке тартылган башка кызматтардын өкүлдөрүн коргоо үчүн бардык тиешелүү шарттар түзүлүшү керек», — деп билдирди Боронов.

4-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги тогуз медкызматкер коронавирус жуктуруп алганын кабарлаган. Алардын жетөөсү Жалал-Абад облусунда иштеген, анын ичинен бешөө Ала-Бука аймактык ооруканасында. Учурда бул аймакта ооруга чалдыккан 80 адам аныкталган. Медицина кызматкерлеринин вирус жуктуруп алуусунун дагы эки учуру Бишкек менен Ош шаарлардына катталган.

Жалпысынан Кыргызстанда 216 адамда коронавирус аныкталган. Алардын ичинен төртөөсү каза тапты.