Коронавирусту жалпысынан 147 медкызматкер жуктуруп алды — жети учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Өткөн сутка ичинде дагы жети медкызматкерде коронавирус аныкталды — Ош шаарында жана Ош облусунда экиден учур, үч учур Бишкек шаарында. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-апрелдеги брифингде билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 147ге жетти. Бул жалпы бейтаптардын 25 пайызын түзөт. Жалпысынан он үч медкызматкер айыкты — аларын алтоосу дарыгер.

Илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 42 дарыгер, 61 орто медперсонал, 24 кичи медперсонал жана 20 дагы башка кызматкерлер бар.

Буга чейин COVID-19ду жуктуруп алган Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука ооруканасынын медкызматкерлери кайрылуу жасап, илдетке чалдыгышканына жетекчиликти айыпташты. Алардын айтымында, жетекчилик коронавирусту жуктуруп алган бейтаптарды кабыл алууга даярдыктарды көрбөгөндөн улам оорукананын медкызматкерлерине илдет жуккан.

Ал эми вице-премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейин Ала-Букадагы медкызматкердин оору жуктуруп алганы иликтенет деп билдирген. Ошондой эле Боронов иш убактысында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун төлөнөөрүн маалымдаган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Алардын ичинен 216 адам илдеттен айыгып, жетөө каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда 714 адам жатат.