Коронавирустан дагы 15 бейтап айыкты. Ооруканадан жалпы 216 адам чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстанда коронавирустан дагы 15 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бишкек шаары жана Ош облусунда төрттөн, Нарын облусунда бир жана Ош шаарында алты бейтаптын кайталап жасалган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 216га жетти — алардын 13чү медицина кызматкери.

Ал эми 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 22 учуру катталды — жалпысынан 590 учур. Ооруканаларда 367 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө беш бейтап калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.