Ноокаттагы инфекционист: «Коронавирус жуктургандардын айрымдарын үйүнө чыгарууга даярдап жатабыз»

Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык оорукананын инфекционист дарыгери Дилшод Мамажанов «Би-Би-Си» басылмасына коронавирусту жуктуруп алган бейтаптардын абалы жөнүндө маек курган. Анда ал оорулуулар көп болгонун бирок алардын айрымдары айыгып баштаганын кабарлаган.

«Оорулар көп, бирок жабык маалымат болгондуктан так санын айта албайм. Бейтаптарыбыздын абалы жакшы, айрымдарын үйүнө чыгарууга даярдап жатабыз. [...] Жалпылаганда абалы орточо. Анткени бул инфекция симптому жок да өтүп кетиши мүмкүн экен. Адамдын иммунитети жакшы болсо эч кандай белгини көрсөтпөйт экен», — деди Мамажанов.

Аймактык дарыгерлер коронавирусту жуктуруп алган жарандардын ар бирин симптомдоруна жараша дарылайт. Мамажановдун айтымында, кээ бир бейтаптар кошумча илдеттери менен келгендиктен дарылоо процесси башка врачтар менен дагы макулдашылат

«Бактерияга каршы терапия алып жатышат. Вируска каршы дарылар берилип жатат, дезинтоксикация кылып жатабыз. Оорунун ар түрдүү жагы чыгат экен, конкреттүү түрдө бир нерсеси ооруп жатат деп айта албайт экенбиз. Бирок өпкөнү жабыркатат экен. Кычкылтек терапиясын жүргүзүп жатабыз. Бул башкаларга окшобогон өзүнчө оору экен. [...] Биз өзүбүзчө дарылабайбыз. Онлайн түрдө кеңешип, консилиумдун негизинде гана дарылап жатабыз. Бир дарыны да чогуу чечим кабыл алгандан кийин беребиз», — деди Мамажанов.

Мамажанов коронавирусту жуктургандарды дарылоону Ноокаттагы дарыгерлер өз каалоосу менен чечкен. Ал жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеп жаткан 17 кызматкерлерде оорунун белгилери жоктугун айтты. Ошондой эле медиктердин мааналары «жакшы» экенин белгилеп, тамак-аш жетиштүү болгонун жана коргоочу формалар убагында берилип жатканын белгилеген.

Инфекционисттин айтымында, коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар жаткан изолятордо дарыгерлер 4-5 сааттан ашуун болбошу керек, себеби ооруну жуктуруп алуу коркунучу пайда болот. Ошондуктан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кызматкерлери 3 топко бөлүнүп, ар 4-5 саатта алмашып турушат.

Ноокат районунда коронавирус алгачкы жолу 20-март күнү катталган. Расмий маалыматка ылайык, өпкө илдетин жуктуруп алган 3 жаран Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келишкен. Ал эми Ош облусунда жалпысынан 38 адамда коронавирус аныкталган.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция