Польшалык медиктер Ош шаарына учуп келишти

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Польшадан Кыргызстанга келген 11 медкызматкер 24-апрелде Ош шаарына учуп келди. Алар өлкөгө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлери менен тажрыйба алмашуу максатында жана коронавирус менен күрөшүүгө жардам бериш үчүн келишкен.

Медиктерди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Ош эл аралык аэропортунда тосуп алды.

Польшадан келген адистер 27-апрелге чейин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларга барышып, медкызматкерлер менен дарылоо тажрыйбасы менен алмашышат. Андан кийин аткарган иштери, алардын жыйынтыгы, медициналык, эпидемиологиялык божомолдоолор боюнча Ош шаарында маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 322 адам илдеттен айыгып, сегиз киши каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда 914 адам жатат.