Новосибирсктен кайтып келген кыргызстандыктардын биринде коронавирус аныкталды

Саламаттык сактоо министри Новосибирсктен кайтып келген кыргызстандыктардын биринде коронавирус аныкталганын кабарлады. Буга чейин 22-апрелде Кыргызстанга чартердик каттам менен 177 мекендеш учуп келген.

Саламаттык сактоо министрлигинен жуктурган адам менен канча адам жакын карым-катнашта болгонун так айта алышкан жок, бирок ал адамдар обсервацияда экенин билдиришти.

«Карым-катнашта болгондордун бардыгы обсервацияда. Эң эле жакындардын чөйрөсү аныкталып, милдеттүү түрдө 14 күндүк обсервацияга алынып жатат. Калгандары биринчи ПЧР анализи терс чыкканда үйлөрүнө карантинге коё берилүүдө», — деп билдиришти министрликтен.

Учурда 24-апрелде Стамбулдан кайтып келген 349 кыргызстандыктын анализи текшерилип жатат.

Ал эми буга чейин да 17-апрелде Түркиядан келген каттамда бир мекендештен коронавирус аныкталган. Аны менен байланышта болгон адам обсервацияга жөнөтүлгөн.