Дагы беш медикте коронавирус аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде дагы беш медикте коронавирус аныкталды — алардын үчөөсү Бишкекте, бирөөсү Жалал-Абад облусунда жана дагы бирөөсү Нарын облусунда катталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 180ге жетти.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги 65 медик айыгып, ишке киришкенин кабарлаган.

Инфекцияга чалдыккан биринчи кыргызстандык тууралуу 18-мартта белгилүү болгон, ошол убакыттан бери медиктер коргоочу кийимдердин жетишсиздиги тууралуу бир нече жолу айтып келишкен. Башында медиктерди кечирим сураттырышкан, бирок медкызматкерлер арасында вирус жуктуруу учурларынын саны кескин өсүп кеткенден кийин, жетишсиз корголгон медиктердин маселеси парламентте талкууланды.

Коронавируска чалдыккан медиктердин арасында дарыгерлер гана эмес, ооруканалардын улук жана кенже медперсоналдары, санэпидемиологдор да бар. Мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдүн 20дан ашуун кызматкери вирус жуктуруп алганы белгилүү болгон, ал эми бул мамлекеттик мекеме поликлиникалар жана медиктер менен кызматташып келген. Көп өтпөй, поликлиникаларда иштеген медиктердин арасында да инфекция жугузуп алгандар каттала баштаган, андан соң алардын үй-бүлөлөрүндө да инфекция аныктала баштаган. Мындан тышкары, санэпидемиологдордун үй-бүлөлөрүндө да вирус аныкталган.

Жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом коменсация каралган, кокус өлүм орун алган учурда — миллион сом. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги коменсация төлөп берээрден мурда дарыгерлер вирусту кайдан жуктуруп алганын жана алар эрежелерди сактап-сактабаганын текшерет.

Мындан тышкары, коронавирусу бар адамдарды дарылаган врачтарга кошумча акы берилет. Март айына төлөнүп берилүүчү сумма апрелдин башында эле төлөнмөк, бирок апрелдин аягында Саламаттык сактоо министрлиги алты миңден ашуун медикке гана кошумча акы берилгенин маалымдады.