Үй карантин талабын бузган алты адамга штраф салынат — Республикалык штаб

Республикалык ыкчам штабдын отурумунда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов үй карантинин бузган алты адам административдик жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.

Каниметовдун айтымында, үй карантинин бузгандарга 20 миңден 60 миң сомго чейинки штраф салынышы мүмкүн.

Министрдин орун басары атайын мобилдик колдонмо үй карантин шартын бузган кошумча дагы 151 адамды каттаганын билдирди.

«Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр өткөрүлөт», — деди Каниметов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 28 миңден ашуун адам үй карантининде болууда.

Үй карантин эрежелерин бузгандарды аныктоого жардам берген атайын колдонмо — бул «Stop COVID-19 KG». Колдонмонун түшүндүрмөсүнө ылайык, ал штабга жана «өзүнчө бир ыйгарым укуктуу жактарга» коронавирус жуктурган же жуктургандар менен карым-катнашта болгон адамдын кыймылын картада көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Аталган колдонмо тууралуу кеңири маалымат алгыңыз келсе бул шилтемени басыңыз.