Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган дагы 21 адам айыкты

Сүрөт: саламаттык сактоо министрлиги

Өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 21 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-апрелде маалымдады.

Өпкөнү сездеткен илдеттен айыккандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 9. Ысык-Көл облусунда төртөө, Бишкек шаарында үчөө, Ош шаарында экөө, ошондой эле Нарын, Баткен жана Ош облусунда бирден бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 416га жетти. Бул ооруну жуктуруп алгандардын 58 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирустун жаңы 13 учуру катталды — жалпысынан 708 учур. Ооруканаларда 284 адам жатат — алардын 12си оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алты бейтап калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.