ЖАМК Сапар Исаковдун адвокаты эмне үчүн ага киргизилбей жатканын түшүндүрдү

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев 27-апрелде фейсбук барагында аны №8 колонияга кардары менен жолугушууга киргизбей коюшканын билдирди.

«Тилекке каршы, Сапар Исаков менен жолугуша алган жокпуз. Көрсө ЖАМКтын төрагасынын COVID-19 пандемиясына байланыштуу камактагыларга адвокат жана жакын туугандарына жолугушууга тыюу салган 1-апрелде чыккан №207 буйругу бар экен», — деп жазган Жоошев.

Жоошев бул буйрук колония жана ТИЗОдогу жарандардын юридикалык жардам менен сот коргоосуна болгон укугун бузат деп билдирди.

«Эгер кылмыш иштери боюнча сот отурумдары токтотула турган болсо, биз жарандардын коргоого болгон укуктары тууралуу сөз кылмак эмеспиз. Бирок соттор өтүп жатат, ал эми адвокаттарда шектүүлөр жана айыпталуучулар менен коргоо линиясын жана башка маселелерди талкулоо үчүн жолугушуу мүмкүнчүлүгү жок болууда», — деп жазган ал.

Жазаларды аткаруу мамкызматынан учурда Исаков жаңы соттолуп келгендер 14 күн өткөрүшү керек болгон өзүнчө орун жайда карантинде экенин кабарлашты.

«Ал жакта алар менен медкызматкерлер, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлери иштешишет. Соттолгондор врачтардын кароосунда болуп, андан кийин аларды отряддарга бөлүштүрүшөт. Соттолгондорго адвокаттар карантин аяктагандан кийин келе алышат», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, ЖАМКтан билдиришкендей, Исаков ведомствонун кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда «Жоошев менен жолугууну жана сүйлөшүүнү каалабай тургандыгын билдирген».

«Кайрадан Замир Жоошевге кайрылып, өлкө үчүн ушундай оор убакта коомчулукту адаштырууну жана соцтармактарда чагымчыл кайрылууларды жарыялоону токтотууну суранабыз. Ал юрист жана адвокат катары маморгандарга кайрылуунун мыйзамдуу ыкмаларын жакшы билет», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Исаков 23-апрелде Петровка айлындагы №8 колонияга которулган. Ал күнү ЖАМК экс-премьер-министр №1 ТИЗО толуп калгандыктан №8 колонияга которулганын кабарлаган.

Сапар Исаков 15 жылга соттолуп, Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган. Мындан тышкары, Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу да айыпталуучу катары өтүп жатат. Бул иш боюнча сот уктуруулары уланууда.