Маданият министрлиги: «Өлбөс полк» онлайн өтөт

2019-жылдын маршында тартылган сүрөт. Автору: Арсений Мамашев

Бул жылы «Өлбөс полктун» жүрүшү онлайн өтөт. Бул тууралуу маданият министрлиги кабарлады. Акцияны онлайн форматта өткөрүүгө өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаал себеп болгон.

«Андыктан бардык кыргызстандыктарды онлайн форматтагы жүрүшкө чыгып, биздин жоокерлерди жакындан көрүп, биздин эсибизде – алар чындыгында өлбөс экендигин тастыктайлы», — деп билдирет ведомство.

Коронавирус ӨА режими үч шаарда узартууга да себепкер болду — Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда. Андан тышкары ӨА режими Нарын облусунун Ат-Башы районунда да узартылды. ӨА режим 10-майга чейин күчүндө болот.

Онлайн жүрүшкө кантип катышса болот?

Онлайн жүрүшкө катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүп, жогорку оң бурчтагы «Катышуу» деген жерди басып катталыш керек.

Катталуу учурунда сизге Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын сүрөтү керектелет — өлчөмү 3х4, салмагы 5 МБдан ашык эмес jpg форматта болушу керек. Мындан тышкары, анын инициалдарын киргизип, өз электрондук даректи көрсөтү менен анын окуясын айтып бериш керек.

«Өлбөс полк» — бул миңдеген кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап жүрүшкө чыккан жыл сайын өтүүчү иш-чара. Анда акциянын катышуучулары жүрүшкө өздөрүнүн согушка аттанып, тылда эмгек кылган чоң ата жана чоң энелеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышат.