Парламент ӨА режимин 10-майга чейин узартуу чечимин колдоду

Жогорку Кеңеш президенттин ӨА режимин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартуу жөнүндө жарлыгын жактырды.

ӨА режими Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алынат, бирок ал жакта өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө калтырылат.

Бийлик ӨА режими коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн киргизген. Бул аларга жуктуруу очогу тутанган шаарларды обочолоого жана жарандардын өз-өздөрүн обочого алуусун шарттоого мүмкүндүк берен.

Бирок ӨА режимин узартуу чечими кабыл алынганы менен өкмөт 1-майдан тарта айрым экономикалык ишмердиктердин түрүнө иштеп баштоого уруксат берди. Ишканалар май айынын этегине чейин этап-этап менен ачыла алышат.

Бирок жагдай ишкерлерге өткөрмө барактарын алуу керектиги менен оорлошууда, ал эми ӨА режими жарыяланган аймактарда тургундардын жүрүүсүнө чектөө дагы деле алынат элек.

Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун жана Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында 25-мартта киргизилип, 2020-жылдын 15-апрелинде айдын аягына чейин узартылган.

Нарын шаарынын жана Нарын облусунун Ат-Башы райондорунун аймагына өзгөчө абал 2020-жылдын 15-апрелинде киргизилген. Буга облуста коронавирус инфекциясын жуктуруу учурлары көбөйгөнү себеп болгон.

30-апрелге карата өклөдө коронавирус жуктуруунун 746 учуру катталды. Ошол эле маалда пандемия башталган убактан бери өлкөдө айыкты деп эсептелген 450 бейтап ооруканадан чыгарылды. Пандемия шартында COVID-19 аныкталган сегиз адам каза тапты.