УКМК жарандар менен врачтарды мажбурлап кечирим сураттырган эмес — Башкы прокуратура

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн твиттер аккаунтунда Башкы прокуратурага берген сурамынын жообун жарыялады.

Катта Башкы прокуратура текшерүү маалында жарандар менен врачтар «жалган маалымат таратуу» үчүн эл алдында кечирим суроого мажбур болушкан фактыны тапкан жок деп кабарланат.

«Видеонун авторлору өз ыктыяры менен эл алдынча кечирим сурашкан. [Кечирим суроого] Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салбайт», — деп айтылат катта.

16-апрелде Бекешев твиттерде медкызматкерлерге кысым көрсөтүү боюнча Башкы прокуратурага үч кат жолдогонун жазган.

Буга чейин бир күн мурда парламенттин депутаттары токтом чыгарып, ага ылайык Башкы прокуратура УКМК менен башка укук коргоо органдарынын медиктерге карата кысым көрсөтүп-көрсөтпөгөнүн текшерүүгө милдеттүү болгон.

Токтомду Ысык-Ата районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаш дарыгери Бектур Апышевди колдоп чыккан парламенттин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген.

Жаш медик өзүнүн твиттеринде сапаты начар коргоо каражаттары тууралуу жазып чыккан, бирок көп өтпөй ал аккаунтун өчүрүп, андан кийин медиктин кечирим сурап жатканы тартылган видео пайда болгон. Анткен менен УКМК Апышевдин кечирим сураганына тиешеси жоктугун билдирген.

Бирок УКМК жалган маалымат тараттым деп кечирим сураган жарандардын видеосун буга чейин бир нече жолу жарыялап келген. Коронавирус пандемиясынан улам өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин УКМК адамдарды жалган маалымат тараткандыгы үчүн кармай баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА: