УКМК ыйгарымдарынан аша чаап, жазасыздыгын сезип калды — Бекешев

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев медиктерге берилген сапаты начар коргоо каражаттары тууралуу айтып берген врачты кечирим сураттырышканына нааразы болду.

«Врачты эл алдында кор кылуу мени абдан кабатырлантты. Биринчиден, мындай кылуу менен биз врачтардын чынчылдык менен иштөө каалоосун жоготуп алабыз; экинчиден, улуттук коопсуздук органдары ыйгарымдарынан аша чаап, жазасыздыгын сезип калышты», — деп билдирди эл өкүлү.

Анын ою боюнча, күч түзүмдөрүнүн мындай аракеттеринен улам компетенттүү дарыгерлер жакшы иштебей калышат, ал эми саламаттык сактоонун көйгөйлөрү боюнча жашыруу максаты менен айтылбай калат.

Жайынтыгында Бекешев медикатерге карата кысымды азайтуу үчүн парламент токтомунун долбоорун демилгеледи.

Токтомдун текстине ылайык, УКМКнын кызматкерлери жана башка укук коргоо органдары медкызматкерлерге кысым көрсөткөнүн токтотушу керек.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан медиктердин баарына компенсация төлөнүшү керек. Ошондой эле, бардык медиктер жеке коргоо каражаттары менен камсыздалуусу абзел.

Документте медиктердин ооруу жуктуруу фактысы боюнча кызматтык иликтөөлөрдү жуктурган врачтардын өздөрүнө карата эмес, медициналык мекемелердин жетекчилерине карата жүргүзүү керектиги айтылат.

Ошондой эле токтомдо тойго барып келип кесиптештерине вирус жуктурган медкызматкер тууралуу текшерилбеген маалымат тараткан вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго карата иликтөө жүргүзүлүшү керектиги көрсөтүлгөн.

Соцтармактагы билдирүүлөр үчүн кысым

13-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун 419 учуру катталды. Ошол эле маалда жуктургандардын ичинен 79 адам — медиктер.

Өлкөнүн ар аймактарындагы медиктери жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги боюнча бир нече ирет даттанышкан, бирок Саламаттык сактоо министрлиги бардыгы жетиштүү деп ишендирген.

Мурдараак, медиктердин бири твиттерде ага берилген бет каптын сапатына даттанган. Ал твит жарыялангандан кийин ага кысым болгонун айтып чыккан. Андан соң көп өтпөй эле анын аккаунту өчүрүлгөн.

12-апрелде жалган маалымат бердим деп кечирим суроого мажбур болгон медиктин видеосу пайда болгон.

Бул дарыгерлер же алардын жакындары Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу болгон бардык ыктымал жалган билдирүүлөр үчүн кысым көрсөтүүгө даттанган биринчи учур эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен «фейк» маалыматтарды тараткан адамдар табылганы тууралуу бир нече жолу отчёт беришип, андан соң социалдык тармактарда алардын кечирим сурап жатканы тартылган видеолорду жарыялашкан.

Депутат Элвира Сурабалдиева ведомство медкызматкерлерди калп айтууга мажбурлап жатат деп билдирип, ведомство Сокулуктун тургунун ошол райондогу вирус жуктуруп алган адам тууралуу фейк үчүн кечирим суратышканын айтып берген.

Кийинчерээк бул маалымат чындык экени белгилүү болгон — Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жергиликтүү акимиат обочолонгонун кабарлап, ага аткаминерлердин биринин жубайында инфекция аныкталганы себеп болгонун билдирген.