Оштогу ишкерлер баннерлердин алынуусуна байланыштуу прокуратурага арызданышты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков 

Ош шаарындагы Жеке ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү мэриянын кызматкерлери көрнөк-жарнактарды алып салгандыгы үчүн прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу «Клоопко» ЖИАнын Оштогу филиалынын директору Аззамбек Жээнбай уулу билдирди. Анын айтымында, мэриядан уруксат алынып илинген баннерлер да тазаланган.

Ошондой эле Жээнбай уулу жергиликтүү бийлик карантин учурунан пайдаланып жеке ишканалардын жарнамаларын алып салгандыгы көпчүлүк ишкерлердин нааразычылыгын жаратканын айтат.

«Карантин болуп ишкерлердин иши токтоп турганда, жок дегенде моралдык жактан болсо да колдогондун ордуна, тескерисинче кайра зыян кылып жатканы [жергиликтүү бийликтин] жакшы эмес да», — дейт Жээнбай уулу.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов 1-майдагы брифингде баннерлер мыйзам чегинде алынып жаткандыгын айтты. Ал эми ЖИАнын жетекчиси ишкерлерге эскертүү берилбегендигин белгиледи.

«Мен ЖИАнын мүчөлөрү тууралуу айта турган болсом, анда бир да ишкерден мен мэрия тарабынан эскертүү берилди дегенди уга элекмин. Мэрия уруксатсыз илинген жарнактар алынды деп жүйө келтирип жатат. Бирок уруксатсыз илинген баннерлерди алуу үчүн да алгач эскертүү берилиши керек да», — дейт Жээнбай уулу.

ЖИАнын Ош филиалында 130дан ашуун ишкер мүчөлүк кылат.

Ал эми мэриянын Шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эшмамбет Кармышаковдун айтымында, ишкерлер жарнамаларды жайылтуу боюнча талаптарды толук аткарышпайт. Ал көрнөк-жарнакты илүүгө алгач архитектурадан андан соң мэриядан уруксат алуу керектигин айтат.

«Баннерлерге уруксат алсак да жергиликтүү бийлик алып салыптыр деген нааразычылыктар учурда бар экени бизге маалым. Айрым ишкерлер архитектурадан жарнаманын конструкциясына гана уруксат алышат да, мэриянын жарнактар менен иш алпарган бөлүмү менен келишим түзбөй коюшат. Архитектурадан баннердин конструкциясына, ал эми мэриядан жарнакты жайылтууга жана мазмунуна уруксат алуу кажет», — дейт Кармышаков.

Ошондой эле Кармышаков, уруксат кагаздары толук эмес баннерлер да алынып салынгандыгын кошумчалады. Анткени аларга карантин болгонго чейин жазуу түрүндө эскертүү берилгендигин айтат. Мындан сырткары мэриянын жарнак жана дизайн бөлүмү менен ишкердин баннер илүү үчүн түзүлгөн келишимдин негизинде атайын төлөмдөр бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, ал төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин эсебине которулат.

Анткен менен ишкерлер жергиликтүү бийликтин аракетине нааразы. Алардын бири «Бий Ордо» мейманканасынын башчысы Мунар Иса фейсбукта өлкөдө ишкерлердин укугу корголобу деген суроо салды.

«Өзгөчө абал учурунда жеке менчик жерге уруксатсыз кирип, ишкерлердин жоктугунан пайдаланып [мэриянын кызматкерлери баннерлерди] алып салганы туура эмес. Биз, ишкердин укугу корголгон, мыйзамдар баарына бирдей өлкөдө жашагыбыз келет», — деп жазган ишкер.