«Матраимов мыйзамдан жогору турабы?». Кимсановдун бир туугандары президентке кайрадан кайрылышты

Эмилбек Кимсанов

Материал 5-майда саат 13:58де жаңыртылды

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун бир туугандары өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго фейсбук аркылуу видеокайрылуу жасашты. Алар өлкө башчысынан Кимсановго коопсуздукту камсыз кылууну жана ага байланыштуу ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранышууда.

Кимсановдун карындашы Элиза Кимсанова өз кайрылуусунда агасына байланыштуу иштин баары «бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимовдун көрсөтмөсү менен» болуп жатканын айтты.

«ИИМ кызматкери да “Матраимов менен сүйлөшкүлө, ошол бүтүрөт бул ишти” деп жатат. Сооронбай Шарипович, айтыңызчы Кыргызстанда Райымбек Матраимов мыйзамдан жогору турабы?», — деп суроо салат Кимсанова.

Ошондой эле Кимсанова агасы «Матраимов айткан партияга каршы иштөөдөн баш тарткандыгы үчүн камалганын жана ТИЗОдо атайын сабалганын» билдирди.

«Агам үй камагында отурган кезде Райымбек Матраимов “милиция менен сүйлөшүп койдум” деп Ошко жөнөтөт. Агам Ошко жеткенден кийин Матраимов чалып, бир топ партиялардын арасынан бир партияга каршы иштеп бересиң деп буйрук берет. Ошол кезде Ошто шаардык шайлоого жакын калган болчу. Агам андан баш тартат. Аны уккан Матраимов Бишкекке келген соң агамды каматып салат», — дейт Элиза Кимсанова.

Обращение к президенту страны Сооронбаю Шариповичу.

Posted by Джанибеков Эмирбек on Sunday, May 3, 2020

Мындан сырткары Кимсанова агасы камалгандан кийин фейсбук аркылуу анын күнөөсүз болгонун билдирген бир нече «далилдерди» чыгарганын айтат жана ал «далилдер» ушул күнгө чейин ИИМ кызматкерлери тарабынан каралбаганын кошумчалайт. Кимсанованын айтымында, ал жарыялаган «фактылар агасына каршы иш Матраимовдун буйругу менен болуп жаткандыгын билдирет».

Элиза Кимсанова фейсбукка чыгарган «токтом»

Кимсанова фейсбук баракчасына 2019-жылдын 4-майындагы Чүй облусунун ИИББнын тергөөчүсү Улукман Асанбек уулунун чыгарган токтомун жарыялады. Анда Эмилбек Кимсанов жана Төлөгөн Рахманберди уулунун үстүнөн жазык куугунтугу кыскартылсын деп жазылган. Ошондой эле жабырлануучу Автандил Конгантиев баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартканы кабарланган.

«2019-жылдын 25-февралында жабырлануучу Конгантиев менен Кимсановдун ортосунда беттештирүү жүргүзүлгөн. Ал жерде Конгантиев 28.12.2018-ж. саат 01.30 чамасында “Версаль” ресторанында Э. Кимсанов менен бирге спирт ичимдигин ичишкендигин, ал күнү аны Э. Кимсанов урбаганын, экөөнүн ортосунда мурдатан жумуш боюнча түшүнбөстүк мамилелер болгондуктан, Э. Кимсановду уруп-сабап кетти деп арыз жазып койгондугун, ошондой эле Э. Кимсановду тергөөдө алынган видео тасмадан окшоштуруп көрүп, аны уруп-сабап кетиптир деп ойлоп ага карата көрсөтмө берип алгандыгын, аны башка тааныбаган балдар уруп-сабап кетишкендигин, өзү дагы ооруканага жатып чыгып көп нерсе эсинде жоктугун, унутуп калгандыгын көрсөткөн», — деп жазылган аталган токтомдо.

Ошондой эле токтомдо «Конгантиев менен Кимсановду беттештирүү маалында, Конгантиев өзү ошол күнү мас болуп жыгылып түшкөндүгүн, эч кимге арыз доосу жоктугун көрсөтүп, Конгантиевден ага карата жок жерден каралап арыздангандыгы үчүн кечирим сураган» деп жазылган.

Ал эми 17-майдагы сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндөгү токтомдо иште кылымыш окуя болбогондугуна байланыштуу кыскартылсын деп тергөөчү Асанбек уулу токтом чыгарган.

«Эгер иним кылмышкер болгондо сүйлөбөйт болчумун»

Эмилбек Кимсановдун агасы Чыңгыз Кимсанов инисинин ТИЗОдо сабалган сүрөттөрүн көрүп, анын төрт баласы «атам» деп, оорукчан апасы «балам» деп, туугандары «боорум» деп кейип жаткандыгын айтат. Ошондой эле инисинин акыбалы тууралуу ушул күнгө чейин кабар жок болуп жатат дейт.

«Эгер иним бирөөнү өлтүрүп, кылымышкер болгондо мен мынчалык сүйлөбөйт болчум. Урматуу бийликтегилер, биз силер чыгарган мыйзам менен жашап жатабыз. Мыйзам баарыбызга бирдей болушун каалап, президент Сооронбай Шариповичтен жана депутаттардан иним Эмилбек Кимсановдун ишин акыйкаттуу, адилеттүү чечип берүүңүздөрдү суранам», — дейт кайрылуусунда Чыңгыз Кимсанов.

Урматтуу президент Сооронбай Шариповичке кайрылуу. Урматтуу президент сизден суранып кетебиз,озунуз козомолго алып акыйкат карап бериниз Раим сиздин денгеелди Эл алдында тушуруп жатат,куч органдары баардыгы Раимдин айтканын кылып жатышат.

Posted by Джанибеков Эмирбек on Sunday, May 3, 2020

Эмилбек Кимсановдун жактоочусу Гуляна Убалиеванын айтымында, Башкы прокуратурадан Кимсановдун ТИЗОдо сабалышы боюнча окуя көзөмөлгө алынып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кат жиберилди деп жооп келди. Бирок ошого карабастан Кимсановго медэкспертиза дайындала элек.

«Бирок ушул убакытка чейин медэкспертиза өткөрүлө элек. Эмнегедир ошол убакта да өткөрүшкөн жок. Андан бери бир топ убакыт өттү да, эми жараттары да кетип калды», — дейт Убалиева.

Убалиева карантинге байланыштуу кардары менен жолуга электигин жана анын учурдагы абалы тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалады.

«Кашкар Жунушалиев сөзүндө турбай жатат»

Өлкө башчысына Эмилбек Кимсановдун карындашы жана агасынан сырткары 20га чукул тууганы да кайрылуу жасаган видеотасма жарыяланды. Тасмада Эмилбек Кимсановду бир тууган агамдын баласы деп тааныштырган аксакал да Кимсанов Орусияга Райымбек Матраимов тарабынан куугунттукталганы үчүн кетүүгө мажбур болгонун айтат.

Ал эми Кимсановдун эжесимин деп тааныштырган аял, анын жубайы учурда коркуп жашап жатканын жана апасы ооруп жүргөнүн кошумчалаган. Ошондой эле мурдагы бажычынын туугандары президенттен ага байланыштуу ишти оң жагына чечип берүүнү суранышты.

«Биринчи кайрылганыбызда ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев бизди чакырып, “Эмилбек Кимсанов биздин балабыз болот, бүт Кыргызстандын жарандары менин өзүмдүн баламдай. Мен өз карамагыма алып карайм” деген. Бирок бул сөзүндө турбай жатат. Мүмкүн болушунча ушуну жакшы жагына чечип бериңиз», — дейт аял.

Урматтуу президент Сооронбай Шариповичке кайрылуу.

Posted by Джанибеков Эмирбек on Sunday, May 3, 2020

Кимсановдун инисинин жана жубайынын кайрылуусу

Президентке биринчилерден болуп Кимсановдун иниси Эмирбек кайрылган. Ал агасы Орусияга Матраимовдун тапшырмаларын аткарбаганы үчүн качканын айткан. Ал кабарлагандай, Эмилбек Кимсанов «Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм» деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуулар түшкөн.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

2020-жылдын 9-апрелинде Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя да президентке жардам сурап кайрылган. Ал «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири» анын үй-бүлөсүн милиционерлер жана спортчулар аркылуу «өлүм менен коркутуп жатышканын» айткан. Кийинчерек Заворотняя соцтармактарга Кимсановдун видеосун жарыялаган. Ал тасмада Кимсанов Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген деп айткан.

Бул видео боюнча Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов Кимсанов айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп билдирген. Мындан тышкары «Шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат» деген оюн айткан.

Ал эми ИИМден «Азаттыктын» бул видео боюнча катына Кимсанов 10-апрелде жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, аталган тасма тууралуу көрсөтмө берген эмес деп ишендиришкен. Ал эми тергөө иштери Кимсанов жана анын жубайы министрликке расмий арыз менен кайрылганда гана жүргүзүлөөрүн маалымдашкан.

Кимсановдун сабалышы

Коллаж «Азаттык» үналгысы

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Санкт-Петербургдан кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Ал ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди сабоого айыпталууда. Кимсанов өзү иш эки жыл мурда козголуп кайра жабылганын айтып келет. Ал Бишкектеги ТИЗО-1де кармалууда.

Гуляна Убалиева 11-апрелде экс-бажычы убактылуу кармоочу жайда сабалганын билдирген. Ал бир күн мурда Кимсановду кабар алганы барып, анын денесинин көк-ала болгонуна күбө болгонун жана аны сүрөткө тартып алганын айткан.

Ошондой эле жактоочу Башкы прокуратурага арыз жазып, соттук-медициналык экспертизанын дайындалышын талап кылганын маалымдаган. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков Кимсановдун сабалышы тууралуу маалыматты четке каккан. Ал сүрөт эски болушу мүмкүн деп эспетеген. Ошондой эле ал Кимсанов токмоктолбогону боюнча түшүнүк кат жазып бергенин кошумчалаган.