ИИМ Кимсанов арыз жазмайынча «Азаттыктын» журналистинин дарегине айтылган коркутууларды иликтебейт

Коллаж: Азаттык үналгысы

«Азаттык» үналгысынын директору Венера Жуматаева твиттерде ИИМ иликтөөчү журналист Али Токтакуновго байланыштуу коркутууларды мурдагы бажычы Эмилбек Кимсанов же анын жубайы Мария Заворотняя расмий даттануу менен кайрылганда гана иликтей турганын билдиргенин жазды.

«Кимсанов ТИЗОдо, анын жубайы жашынып отурат. Даттануу жок факт да жок», — деп жазды Жуматаева.

Буга чейин Кимсанов видео жаздырып анда бажынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген деп айткан. Тасманы 10-апрелде анын жубайы фейсбукта жарыялаган.

«Азаттыктын» Бишкек бюросунун директору Айзада Касымалиева «Клоопко» алар Токтакуновдун коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатышкандыктан укук коргоо органдарынан жагдайга көз салып, баа берүүлөрүн суранып кат жазышканын айтты. Бирок ИИМден Кимсанов 10-апрелде жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, аталган тасма тууралуу көрсөтмө берген эмес деп ишендиришүүдө.

«Мен ИИМден келген жоопту окуп берейин. Министрликтин атына кайрылган катыңыз боюнча тергөө учурунда шектүү Кимсанов жана анын жубайы Мария Заворотняя Кыргыз Республикасынын 344-беренесине ылайык белгиленген тартипте кайрылган эмес. Эгер расмий түрдө кайрылышса тиешелүү тергөө жана ыкчам иштери жүргүзүлө турганын билдиребиз», — деп Касымалиева министрликтин жообун окуп берди.

Материал жарык көрөөр алдында ИИМден комментарий алууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок.

Депутат Искендер Матраимов экс-бажычы Эмил Кимсановдун айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп айткан. «Токтакуновдун ден соолугу ага эмес, бизге азыр көбүрөөк керек. Шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат», — деп айтып берген Матраимов «Кактуска» берген интервьюсунда.

Кимсановдун сабалышы

Кимсановдун адвокаты Гуляна Убалиева «Азаттыкка» анын коргоого алган адамы сабалганын айтты, анткени денесинде көк-ала тактар болгон.

«Мага тергөөчү 10-апрелде телефон чалды. “Чукул келе калыңыз” деди. Мен жарым саатка жетпей Башкы тергөө башкармалыгына барып, Кимсановго жолуктум. Аны көргөндө эле мойнундагы тактарды байкадым. Ал абакка кирген күндөн тартып сабала баштаганын айтты. Бир күн да тынч болбой жатыптыр. Денесиндеги бир канча тактарды көрсөттү. Бардыгын сүрөткө тартып алдым. Анын денесинде эң аз дегенде канталаган жети так бар», — деп билдирди Убалиева.

Адвокат Башкы прокуратурага Кимсановдун сабалышы боюнча арыз жазды. Ал ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын дайындалышын талап кылууда. Учурда Убалиева Бишкекте өзгөчө абал болгондуктан жолугуша ала албай жатат.

Ушул эле күнү Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя күйөөсү ур-токмокко алынганын айтып, фейсбукка анын сүрөттөрүн жүктөгөн эле.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков Кимсановдун сабалышы тууралуу маалыматты четке каккан. Ал сүрөт эски болушу мүмкүн деп эспетейт. Ошондой эле ал Кимсанов бул тууралуу угуп таң калганын жана токмоктолбогону боюнча түшүнүк кат жазып берген деп ишендирген.

Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов мурдагы бажычы аппараттын кызматкерлери менен жолугушуудан баш тартып койгонун жана ал эч кандай арыз жазбаганын кабарлады.

Кимсановдун кармалышы

Экс-бажычы Эмилбек Кимсанов 20-февралда Санкт-Петербургда кармалып Кыргызстанга алынып келинген. Ал ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевдин сабалышы боюнча иште шектүү катары өтүүдө.

Кимсановду Бишкектин ТИЗО-1ине 31-марта киргизишкен. Ал өзү иш эки жыл мурда козголуп кайра жабылганын айтып келет. Ошондой эле ага иштин кайрадан жанданганы түшүнүксүз болууда.

9-апрелде Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя президентке жардам сурап кайрылды. Ал «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири» — Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрү — анын үй-бүлөсүн милиционерлер жана спортчулар аркылуу «өлүм менен коркутуп жатышканын» айтып чыккан.