Матраимовдордун фонду тартуулаган ыкчам-тестти ДСУ сунуштаган эмес — «ПолитКлиника»

«Исмаил ата» фонду тартуулаган ыкчам тесттер. Сүрөт: Искендер Матраимовдун фейсбук баракчасынан алынды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду Саламаттык сактоо министрлигине тапшырган коронавирусту аныктоочу 15 миң экспресс-тестти сунуштаган эмес. Бул тууралуу аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова «ПолитКлиника» басылмасына билдирген.

«Клооптун» журналисттери 3-апрелде «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду тартуулаган ыкчам-тесттердин сапаты шек жаратканы тууралуу материал жарыялашкан. Андан көп өтпөй Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооптун» редакциясынын электрондук почтасына Саламаттык сактоо министрлигинен келген каттын скриншотун жиберген.

«Коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюуда кошкон салым үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги ыраазычылык билдирет», — деп жазылат парламенттин депутаты Искендер Матраимовго жолдонгон катта.

Мындан сырткары аталган катта «Алар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан тастыкталган. Ошондой эле чыптамада керектелчү материалдар камтылган» деп жазылып, министрликтин стат-катчысы Калысбек Шадыханов кол койгон.

Дал ушундай катты Матраимовдордун үй-бүлөсү «ПолитКлиника» басылмасына да жиберишкендиги белгилүү болду. Артыкованын айтымында, мындай ыкчам-тесттердин жыйынтыктары төмөн болуп жатканына байланыштуу ДСУ тест сунуштай албайт.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Исмаил Матраимов фондуна” жазган статс-катчы К.Т.Шадыханов кол койгон каты бурмаланганына байланыштуу алардан расмий түшүндүрмө алууга туура келди. Азыркы учурга карата, биз кечирим сураган эки кат алдык, каттагы “бул экспресс-тесттер ДСУ тарабынан 12.01.2020 отчётунда сунушталган” деген маалымат чындыкка туура келбейт, ал эми ал кат жараксыз», — дейт Артыкова.

Сапаты шек жараткан ыкчам-тест

«Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду 29-мартта Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна коронавирусту аныктаган 10 миң экспресс-тест тапшырган. Бул тууралуу маалыматты парламенттин депутаты Искендер Матраимов фейсбук баракчасына маалымдаган. Кийинчерээк аталган тесттердин сапаты интернет колдонуучулар арасында талкууга алынган. Анткени Матраимовдор «Азаттыктын», «Клооптун» жана OCCRP уюмунун журналисттери жүргүзгөн иликтөөдө негизги фигурант болгон. Аягында журналисттер алардын Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.

«Сорос Кыргызстан» фондунун директору Шамил Ибрагимов фейсбук баракчасында Матраимовдор сатып алган коронавирусту аныктоочу тест кимдер тарабынан сертификацияланган жана «эгер эртең вирусту алып жүргөн жүздөгөн адамдар биздин ден соолугубуз чың деп ишенимдүү көчөгө чыгып алса, буга ким жооп берет?» деп суроо салган.

Кийинчерек депутат Искендер Матраимов фейсбук баракчасында коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттин сапатын атайын түзүлгөн жумушчу топ «кылдат» текшергенин айтып чыккан. Мындан сырткары Матраимов мындай тесттердин бир канчасы каралып, алардын ичинен эӊ жогорку сапаттагысы алынганын кабарлаган.

Ошол эле учурда 12-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин фармацевтикалык кызматтар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Арзыкулова «Акипресс» басылмасына «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму экспресс-тесттердин жыйынтыктары төмөн болуп жатканына байланыштуу аларды колдонбой турууга чакырат» деп маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эпидемиялогиялык департамент: Матраимовдор тартуулаган экспресс-тесттин сапаты «эң жакшы»

Матраимовдор тартуулаган коронавирусту аныктоочу ыкчам тест колдонулуп баштады