Матраимовдор тартуулаган коронавирусту аныктоочу ыкчам тест колдонулуп баштады

 «Исмаил ата» фонду тартуулаган ыкчам тесттер. Сүрөт: Искендер Матраимовдун фейсбук баракчасынан алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги «Клооптун» кабарчысына ведомстводо бар ыкчам тесттердин баары колдонулуп жаткандыгын билдирди. Анын ичинде «Исмаил ата» кайрымдуулук фонду берген коронавирусту аныктоочу экспресс-тест да бар.

Аталган фонд Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык. Алар Кыргызстандын түштүгүндөгү таасирдүү үй-бүлө болуп эсептелет. «Азаттыктын», «Клооптун» жана OCCRP уюмунун журналисттери иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында аталган үй-бүлө Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.

«Саламаттык сактоо министрлигинде жалпысынан 70 миңдей ыкчам тесттер бар жана алардын баары колдонула баштаган. Кытай өлкөсүнөн келген жана Матраимводор берген тесттер бар. Учурда кайсыл тесттер колдонулуп жаткандыгы тууралуу менде так маалымат жок, баары эле колдонулуп жатат», — деди ведомствонун басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Ошондой эле Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооптун» редакциясынын электрондук почтасына Саламаттык сактоо министрлигинен келген каттын скриншотун жиберген. Кат парламенттин депутаты Искендер Матраимовго жолдонгон.

«Коронвирустун жайылуусуна бөгөт коюуда кошкон салым үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги ыраазычылык билдирет», — деп жазылат катта.

Мындан сырткары аталган катта Матраимовдор тартуу кылган ыкчам тесттер Кытайдан өндүрүлүп чыккан 5чи муундагы тест экенин окууга болот. «Алар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан такстыкталган. Ошондой эле чыптамада керектелчү материалдар камтылган» делет.

Ошондой эле ал катта айтылгандай, ыкчам тесттер Кыргызстандын аймагына санитардык-карантиндик пункттар аркылуу өткөн экинчи айлампадагы байланышта болгондор үчүн колдонулат.

Матраимовдордун фонду Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирусту аныктоочу 15 миң даана ыкчам тест берген. Кийинчерээк бул тесттердин сапаты соцтармактын колдонуучуларында шек жараткан.