Эпидемиялогиялык департамент: Матраимовдор тартуулаган экспресс-тесттин сапаты «эң жакшы»

Материал 13:50дө жаңыртылды

«Исмаил ата» кайрымдуулук фонду 29-мартта Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна коронавирусту аныктаган 10 миң экспресс-тест тапшырган. Бул тууралуу материал чыккандан кийин фейсбуктун колдонуучулары аталган тесттин сапатына жана тактыгына кызыккан суроо узатышкан.

Алардын бири «Сорос Кыргызстан» фондунун директору Шамил Ибрагимов фейсбук баракчасында Матраимовдор сатып алган коронавирусту аныктоочу тест кимдер тарабынан сертификацияланган деп жазган. Анын айтымында, ал аталган суроону Искендер Матраимовдун экспресс-тесттер тууралуу постунун астына калтырган. Бирок анын суроосу кийинчерээк өчүрүлгөн.

«Бул тесттерди анчейин таанымал эмес Hangzhou Junyi Technology Co. Ltd компаниясы өндүрөт экен. Компания дал ушундай чыптама менен организмдеги шишикти аныктоочу жана канды текшерчү тест да иштеп чыгарат. Булардын бири-биринен айырмасы болгону бул тестте nCoV деген жазуусу бар. Ал эми кытайлык соода-сатык сайтында аталган тест 15 мүнөт ичинде COVIDди аныктайт деп көрсөтүлгөн. Эгер эртең вирусту алып жүргөн жүздөгөн адамдар биздин ден соолугубуз чың деп ишенимдүү көчөгө чыгып алса, буга ким жооп берет? Ниет жакшы албетте, бирок бул коомдук саламаттыкка чоң коркунуч», — деген Ибрагимов.

Ибраимовдун посту жарыяланган күндүн эртеси депутат Искендер Матраимов фейсбук баракчасында коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттин сапатын атайын түзүлгөн жумушчу топ «кылдат» текшергенин айтат. Мындан сырткары Матраимов ыкчам тесттерди бөлүштүрүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн кошумчалаган.

«Мындай тесттердин бир канчасын салыштырып, алардын ичинен эӊ жогорку сапаттагы, мыкты деп эсептелингенин алдык. Бул тесттер төртүнчү муундагы тесттер. Сапатын тастыктоочу Германиядан алынган лицензиясы бар. Бардык тиешелүү сертификаттары тиркелди», — деп жазган Матраимов.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык–эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Лабораториялык изилдөө борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова Матраимовдон тартуулаган коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттер департаментке 2-апрелде алынып келингенин тастыктады. Ошондой эле тесттин сапатына «эң жакшы» деген баа берди.

«Жалпы 10 миң даана келди. Анын 5000 даанасы Ошко, калганы бизге Бишкекке. Бул эң жакшысы экен, 5-чыгарылышы. Бул 15 минутада жыйынтык бере турган тесттер. Жаңы эле алган үчүн толук кандуу маалымат бере албайм. Бүгүн эле колубузга тийди», — деди Жумаканова.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 3-апрелде өткөн брифингде «Исмаил ата» фонду жалпы 15 миң даана ыкчам-тест бергенин тастыктады. Ошондой эле министр тесттер кампада сакталаарын, сапаты текшерилгенден кийин гана колдонууга берилерин билдирди.

«Исмаил Ата» кайрымдуулук фонду Матримовдордун атасынын урматына аталып коюлган фонд. Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирдүүлөрдүн бири болуп саналат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.