Бишкекте коменданттык саат күнү-түнү иштеп жатат — юристтер

«Юристтер адам укуктары үчүн» уюмунун укук коргоочулары Бишкектин комендатурасынын буйруктарын талдап чыгып, борбор калаада коменданттык саат белгиленген убактан да ашыкча күндүр-түндүр иштеп жатат деген жыйынтыкка келишкен.

«Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамына ылайык, коменданттык саат — бул атайын берилген өткөрмө кагаздарысыз көчөдө жүрүүгө тыюу салуу белгиленген күндүн убактысы деп аныкталган.

Демек, тыюу салуу коменданттык саат убактысында гана иштейт дегенди айгинелейт. Ошол эле учурда, коменданттык саат убагында жарандар менен уюмдарда өткөрмө кагазын белгиленген тартипте алууга мүмкүнчүлүгү бар болушу керек.

Бирок, комендатуранын буйруктары коменданттык саат күнү-түнү иштей тургандай режимде жазылган, себеп дегенде сутканын калган убактысында да (коменданттык сааттан тышкары) дээрлик ушундай эле талаптар киргизилген.

Коменданттык сааттан бөлөк убакта көчөдө жүрүү үчүн жарандардан толтурулган маршруттук баракча менен беткап тагынып жүрүү талап кылынат. Юристтер билдиргендей, алар жарыяланган буйруктардын биринде да мындай расмий талаптарды табышкан эмес.

Шаардын тургундары жана анын аймагындагы уюмдар көчөдө жүрүү уруксатын коменданттык саат иштебеген убакытка гана жана өзгөчө учурлар боюнча гана ала алышат — ал үчүн алардын жумуш берүүчүлөрү же өздөрү тармактары боюнча уруксат берилген ишмердиктин тизмегине кирген болуусу шарт.

«“Өзгөчө абал жөнүндө”» Конституциялык мыйзамдын ченемдерине ылайык, коменданттык саат камтыбаган убактардан тышкары кимдин гана болбосун (мамкызматкерлердин, ар кандай ишмердик кылган уюмдардын жана башка жарандардын) кыймылы үчүн эч кандай өткөрмө жана чектөөлөр болбошу керек!», — деп билдиришет юристтер.

Юристтердин айтымында, өздүгүн тастыктаган документтерсиз жана өткөрмөсүз өз турак жайынын тышкары жүрүүгө тыюу салуу — бул коменданттык саат иштебеген сутканын көпчүлүк убактысында адам укуктарын мыйзамсыз чектөө болуп саналат.

«Ошондуктан, борбор калаа комендатурасынын буйруктарында, ошондой эле комендатуранын тапшырмаларын аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана маморгандардын башка ички документацияларында жана буйруктарында жазылган ушул бузууларга байланыштуу бардык тыюуларды жана талаптарды жоюш керек деп эсептейбиз», — деп жазылат кайрылууда.