Видео: Ноокенде мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, бир өспүрүм каза тапты

Жалал-Абад облусунун Ноокен айылынын тургуну «Хундай Портер» унаасын башкара албай жол кырсыгына кабылды. Ал унаасына 11-класстын окуучуларын салып алып Кара-Булак жайлоосун көздөй бараткан.

Кырсыктан бир өспүрүм каза болду, үч окуучу жаракат алып Ноокен райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

«Спутник» басылмасы телеграмм каналына жүктөгөн видеодо унаанын алдыңкы жана арткы тараптары эзилип, калган бөлүктөрү чачылып жатканын, жана сынып кеткен гитара музыкалык аспабын көрүүгө болот.

Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя 6-май күнү болгон. Ноокен районунун №7 Төрөгелдиев мектебинин окуучулары бараткан унаа Кыр-Жон айылында жолдун четине чыгып аңтарылып кеткен.

Жалал-Абад ЖКККБсынан окуучулар эс алуу үчүн бара жатышкан деп божомолдошту. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.