Улуттук онкология борборунда медиктердин биринде коронавирус аныкталды

Республикалык штаб Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун медиктеринин бири COVID-19 жуктурганын билдирди. Аны менен байланышта болгон медиктерден анализдер алынды. Штабдын маалыматы боюнча, бейтаптар коронавирус жуктурган медик менен байланышышкан эмес.

«Калк арасында карым катнашта болгондор жок, себеп дегенде врач камсыздоосуз эмгек өргүүсүндө жүргөн жана бейтаптарды кабыл алган эмес», — деп жазат штаб.

Оорукананын өзүндө дезинфекция жүргүзүлүүдө, андан кийин ал иштеп баштайт.

Кыргызстанда медиктердин арасында коронавирус жуктургандардын саны 220дан ашат — 2-майда бир врач каза тапкан.