Депутат Кыргызстанда бензиндин баасы арзандабаганына нааразы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров азыр «Газпромдо» бензиндин дүң баасы 19 сом 40 тыйындан сатылып жатса, эмне үчүн май куюучу жайларда 29-30 сомдон болуп жатканына кызыкты. Ал ошондой эле бензиндин баасын арзандатпагандарга айып салууну сунуштады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бензиндин баасы боюнча укук коргоо жана фискалдык органдарга тапшырма берилгенин белгиледи.

«Баасын түшүрүү боюнча жакын арада дагы чогулабыз. “Дүйнөдө нефтинин баасы арзандап жатса эмне үчүн бизде арзандабайт” деп негизинен туура маселе коюлуп жатат», — деди Абылгазиев.

Эл өкүлү комиссия болуп чогулуунун кажети жок экенин, бул ишти Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги эле чечип койсо болоорун айтты.

«Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине тапшырма берип, күнөөлүү тарапка мыйзам менен айыпты салса акча бүгүн түшөт. Аны эки-үч күн отуруп комиссия менен караштын кажети жок. Так тапшырма бериңиз бүгүн баа түшсүн», — деди Зулпукаров.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Шухрат Сабиров азыр негизинен баалар төмөндөп жатканын айтып, аны дагы арзандатуу боюнча нефтетрейдерлерге маселе коюлганына токтолду.

«Нефтетрейдерлер жакынкы күндөрү 3-4 сомго арзандатууга сөз берген. Булар дагы коронавирус пандемиясынан улам запастарын сатып түгөтө электигин айтып жатышат. Январь, февралда келген бензин сатылып жатат деп жүйө келтиришүүдө», — деди Сабиров.

Парламент 13-майда өкмөттүн 2019-жылы жасаган иштери боюнча отчётун карап жатат. Премьер-министр парламент өкмөттүн 2019-жылы жасаган иши боюнча отчётун карап бүтөрү менен күйүүчү жана майлоочу майдын баасын жөнгө салуу иштери колго алынат деп сөз берди.