Ош облусунда карантин режими жоктугунан беткапсыз жүргөндөргө айыппул салынбайт

Ош облусунун аймагында беткапсыз жүргөн жарандарга айыппул салынбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев 12-майда «Ынтымак» телеканалына маек куруп жатып билдирди.

«Биз Бишкектегидей чечим кабыл алган жокпуз. Жарандарыбызга ишенебиз. Эскертүүлөр берилип, жер-жерлердин башчылары жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок айтып кетчү жагдай, беткапты туура тагыныңыздар, моюнга эмес ал оозду жана мурунду жабышы керек», — деген ал.

Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» өкмөт өкүлүнүн айткандарын тастыктады. Ал айыл жериндеги жарандардын беткап сатып алганга шарты жок болушу мүмкүн болгондуктан, аларды беткап тагууга милиция мажбурлай албасын билдирди.

Анын айтымында, жарандарды мажбурлоодон мурда беткап менен камсыз кылууга туура келет. Анткен менен ал жарандар Ош шаарынын аймагына кирээрде беткап тагууга милдеттүү экенин айтты. Анткени калаага карантин режими киргизилген.

«Карантин киргизилген жерде ар бир жаран милдеттүү түрдө эрежелерди сакташы керек. Облустун аймагында көзөмөл катуу жүрүп жатат, жарандар өздөрү деле беткапчан жүрүшөт. Бирок биз облустун аймагында үй карантининдегилерди жана ооруга чалдыккандар менен байланышта болгондорго көчөгө чыгаарда беткапты милдеттүү турдө тагуусун айтып жатабыз», — деди Аширбаев.

Ал өзгөчө кырдаал режиминде башкарууну ар бир жергиликтүү бийлик моюнуна алып, өз алдынча чечим чыгара алаарын кошумчалады.

Кыргызстанда 11-майдан тарта өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал режими сакталып калды. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларына, Нарын облусунун Ат-Башы районуна жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин режими киргизилген.