Өлкөдө COVID-19 аныкталган ымыркалайлардын саны 12ге жетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус инфекциясын ымыркайлар жуктуруп алган үч учур аныкталганын кабарлады.

Пандемия башталган учурдан бери COVID-19 12 ымыркайга жуккан.

«12 ымыркайдын COVID-19 жугузуп алышынын себеби – оорусу симптомсуз өтүп жаткан жакындары менен байланышта болуу. Буга байланыштуу жарандар арасында, өзгөчө балдар арасында көзөмөлдүн чаралары күчөтүлдү», — деп билдирди Каратаев.

13-майда инфекция бир жашка чейинки 9 ымыркайга жукканы белгилүү болгон. Өлкө боюнча коронавируска чалдыккан 15 жашка чейинки 134 бала катталган.

14-майга карата, Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 1082 адамга жетти. Өлкө боюнча инфекциядан 735 бейтап айыгып чыкты. Ал эми эпидемия башталгандан бери коронавируска чалдыккан 12 адам каза тапкан.