Өлкөдө COVID-19дан дагы 10 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 10 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын экөөсү медкызматкер. Айыккандардын алтоосу Бишкекте, төртөө Ош облусунда дарыланышкан.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 745ке жетти — алардын арасында 194 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 15-майга карата коронавирустун жалпы 1111 учуру катталды. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 353 адам жатат — алардын үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.