Шайлоо алдында жапырт каттоого туруу. Жаңыдан каттоого тургандар шайлоо тизмесине кирбейт — МКК

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2020-жылдын апрель айында өтүш керек болгон жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында Ош, Токмок жана Каракол шаарларында шайлоочуларды жапырт каттоого тургузуу боюнча иликтөө жүргүздү. Анда аталган шаарларга жакын жайгашкан калктуу конуштардагы адамдарды массалык түрдө бир эле турак үйлөргө жана батирлерге каттоого тургузуу фактысы белгилүү болгон.

Иликтөөдөн кийин каттоого турган жерин өзгөртүү учурланын көбү 2020-жылдын 1-февралынан тарта 29-февралга чейин болгону аныкталган.

  • Ошто аталган убакыт ичинде кайра катого туруунун 33 448 учуру катталган. Ошол эле кезде январда кайра каттоого турунун болгону 4 478 учуру, ал эми 2019-жылдын декабрында — 1706, ноябрда 1 369 фактысы белгилүү болгон;
  • Токмокто февраль айында кайра каттого туруунун 4 574 учуру катталган. Ал эми январда 2 266 кайра каттоого туруу фактысы белгилүү болсо, 2019-жылдын декабрында — 369, ал эми ноябрда 338 кайра каттоого туруу учуру аныкталган;
  • Караколдо февралда кайра каттоого турунун 3 160 учуру белгиленген. Ошол эле кезде январь айына карата маалыматтар кайра каттого туруунун 213 фактысы тууралуу айтып турат, ал эми 2019-жылдын декабрында 196, ноябрда — 134 учуру катталган.

МККдан Ош, Каракол жана Токмокто 2020-жылдын февралындагы кайра катталуулардын санын «аномалдуу» деп атаган. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү шайлоолордун шайлоочуларынын тизмесине — жергиликтүү коомдун мүчөсү болгон жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргызстандын жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү коомго таандыгы паспортундагы каттоосу тууралуу белгиси менен ырасталышы керек.

«Бирок, жаңы дарек боюнча катталгандардын көбү 2004-жылдагы өз паспортторун алмаштырышкан эмес же идентификациялык карталардын чиптеринде жаңы даректи өзгөртүү процедурасынан өтүшкөн эмес. Ушуга байланыштуу, алар шайлоочулардын алдын ала же көзөмөлдүк тизмесине киргизилген эмес», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ош шаарында туруктуу жашаган жери боюнча каттоодон өткөн 41 887 жарандын ичинен 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта 2020-жылдын 13-майына чейин болгону 9 994 жаран гана паспортун алмаштырган же паспортунун чибиндеги маалыматты өзгөрткөн.

Токмокто 7 691 жарандын ичинен 3 575и гана 2019-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 13-майына чейин паспортун алмаштырган же паспортунун чибиндеги маалыматты өзгөрткөн. Караколдо 3 782 жарандын 1 581и гана 2019-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 13-майына чейин паспортун алмаштырган же паспортунун чибиндеги маалыматты өзгөрткөн.

МККнын маалыматына ылайык, бул ишти иликтеген комиссия «аймактык бөлүмдөрдөгү кызматкерлер тарабынан жарандарды каттоодо бир катар бузууларга жол берилгени» аныктаган.

Ошондуктан, укуктук баар берүү үчүн Алай районунун ЗАГСынын бөлүм башчысына карата материалдар укук коргоо органдарына текшерүүгө жөнөтүлөт. Ошондой эле Токмок шаарындагы, Бишкектин Аламүдүн районундагы, Ош шаарындагы, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы, Ош облусунун Араван районундагы жана Каракол шаарындагы ЗАГСтардын бөлүм башчыларынын жоопкерчилиги каралат. Милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганы үчүн ЗАГСтардын аймактык бөлүмдөрүнүн 44 кызматкерине жана КТБлардын жетекчилеринин карата тартиптик жазалар көрүлөт. Мындан тышкары, мыйзамга «жалган катталуу» деген түшүнүк менен өзгөртүү киргизүү пландалып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА: