Ош шаарында жаңыдан каттоого тургандар шайлоого катыша албайт — БШК

Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүчү шаарларга жаңыдан каттоого тургандар азырынча шайлоочулардын тизмесине киргизиле элек. Бул тууралуу Борбордук шайлооо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

«Алар [жаңыдан каттоого турган жарандар] жатаканага же башка жерлерге каттоого турган. Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтө турган 30 аймакта 340 470 шайлоочу болгон. Тактоолордон кийин шайлоочулардын саны жалпысынан 2066 адамга эле өстү. Ал эми Ош шаарында 576га көбөйдү. Калганын укук коргоо органдары териштирип бүткөндөн кийин гана тизмеге өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынат», — деди Бекматов.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-январына чейин Ош шаарында жалпысынан 222 миңге чукул адам каттоодо турган — алардын 139 117си шайлоо укугуна ээ. Ал эми жылдын башынан 13-февралга чейин Ошто жаңыдан каттоого тургандардын саны 35 895 адамга жеткен.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге өтүүчү Токмок жана Каракол шаарларында каттоого турган адамдардын саны өскөн. Жылдын башынан 13-февралга чейин Токмокто 6 745, Караколдо 3 159 жаран жаңыдан каттоого турган.

Ошол эле отурумда Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев жарандардын үйлөрүнө массалык түрдө каттоого тургузганы боюнча Оштун Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын маалымдады.

12-апрелде өтө турган шаардык кеңештерге шайлоого жалпысынан 22 саясий партия катталды. Шайлоо Ош, Токмок, Каракол, Майлуу-Суу жана Балыкчы шаарларында өтөт.

22 партиянын төртөөсү — «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик» жана «Кыргызстан» — бардык шаарлардагы жергиликтүү кеңешке шайлоодо катыша турган болду.

Ал эми Ош шаардык кеңешине шайлоого 9 партия катталды. Жогоруда айтылган төрт партиялардан сырткары «Улуу-Журт», «КЛДП», «Эмгек», «Бирик» жана «Бир Бол» бар.