Депутат Тотоновдун Орусиядан келген инисинде коронавирус аныкталганы ырасталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24.kg басылмасына курган маегинде депутат Нурбек Тотоновдун иниси Айбек Тотоновдо коронавирус аныкталганын билдирди.

Буга чейин 16-майда Орусиядан келген сапарман айдоочулардын бири санитардык эрежелерди этибарга албай Жалал-Абадга жөнөп кеткени тууралуу маалымат пайда болгон. Ал айдоочу Айбек Тотонов болуп чыккан.

«COVID-19га карата тапшырган экспресс анализинин жыйынтыгы оң болуп турганда аны коё берип салышы мүмкүн эмес. Анын биринчи анализи терс болгон. ПЧР диагностика жүргүзүлгөндө ал жуктуруп алганы белгилүү болуп, обочого алынган», — деп белгиледи министрдин орун басары.

Депутат Тотонов Kaktus.mediaга курган маегинде айтып бергендей, иниси Айбек Тотоновдун Орусиядан кайтып келгенден кийин коронавируска тапшырган тести терс болуп чыккан, ошондуктан ал кичи мекени Жалал-Абадга кеткен.

«Ал Кыргызстанга келгенден кийин ПЧР-тест тапшырып, анын жыйынтыктарын күткөн. Анын жыйынтыгы терс болуп чыкканы тастыкталгандан кийин гана колундагы маалымкаты менен Талас аркылуу үйгө кеткен. Ал үй карантининде болчу. Ал мага врачтар айткандардын бардыгын сактап жатканын, эч ким менен байланышкан эместигин айтып берген», — деп билдирген Тотонов.

Парламентарий маалымдагандай, кайталап тапшырылган тест оң жыйынтык көрсөткөн. Андан кийин Айбек Тотонов Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген.

«Азыр ал кайра анализ тапшырды, жыйынтыгын күтүп жатат, азырынча анда эч кандай симтомдор жок», — деп кошумчалады депутат.

Ошондой эле Тотонов инисинин анализдерин интернетке чыгып кеткенине нааразы болду, себеп дегенде бул адамдын жеке маалыматы.

«Эгер ал ооруп калган болсо да, анын агасы депутат болгону үчүн эле адамдын маалыматтарын жайылткан туура эмес», — деп билдирди ал.

19-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 1 243 учуру катталды, 898 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Стационарларда дарыланууда 331 адам бар, алардын ичинен 5 бейтап реанимацияда.