COVID-19дан дагы 12 бейтап айыкты, алардын алтоо медкызматкер

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «Азаттык»

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-майдагы брифингде коронавирус жуктурган дагы 12 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде алты медкызматкер бар.

Айыккандардын сегизи Бишкек шаарында, төртөө Нарын облусунда дарыланып чыгарылышты. Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 910го жетти — алардын арасында 211 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 20-майга карата коронавирустун жалпы 1270 учуру катталды. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 346 адам жатат — алардын бешөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.